"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Өлкөгө 22 тонна балык жеми киргизилбей, артка кайтарылды

Айыл чарба министрлиги Чүй облусундагы «Ак-Тилек» чек ара өткөрүү жайында Түркиядан алып келинген 22 тонна балык жеми Кыргызстанга киргизилбей, кайра артка жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

Текшерүү учурунда жемдин Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербегени аныкталган. Андан улам тиешелүү актылар түзүлүп, жүк ошол эле өткөрмө бекет аркылуу Түркияга кайра жөнөтүлдү.