Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандын тоолуу аймактарында жашаган көп балалуу энелерге бериле турчу төлөм тууралуу маалымат берди.
«2026-жылдын 1-январынан тарта тоолуу аймактарда жашаган көп балалуу энелер төмөнкү өлчөмдө төлөм алышат: Ар бир 4-төрөлгөн балага – 100 миң сом; 5-балага – 600 миң сом; 7-балага – 1 млн сом; 8-балага – 1 млн 200 миң сом; 9-балага – 1 млн 500 миң сом; 10 жана андан кийинки балдарга – 2 млн сом берилет. Мындай чечимдер буга чейин боло элек болчу. Албетте, бул – чоң чыгымдар. Бирок бул – мамлекеттин келечеги талап кылган зарылчылык. Биз муну үй-бүлөлөр өзүн ишенимде сезиши, колдоого ээ болушу жана мамлекет дайыма жанында экенин билиши үчүн жасайбыз жана ишке ашырабыз», – деп билдирди Президент.

