"Эркин-Тоо"
Аймак Айыл чарба Жаңылыктар

Саатына 1000 бөтөлкө минералдык суу чыгарган завод ачылды

Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, Талас облусунун Талас районуна караштуу Жанкороз олуя айылында «Беш-Таш–Кайыңды» минералдык суу чыгаруучу кичи завод ачылды. Ачылыш аземине Президент Садыр Жапаров аралыктан катышты.

Маалыматка ылайык, кичи завод саатына 1 миң бөтөлкө минералдык суу чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Өндүрүш толугу менен сапаттык көзөмөлдөн өткөрүлөт.

Долбоор Талас облусунда өнөр жайды өнүктүрүүгө, ишкердикти кеңейтүүгө жана калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган.