"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Инвестиция агенттиги ЖМК өкүлдөрүнө Ардак грамоталарды тапшырды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык саясатын объективдүү чагылдырууга салым кошкон жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Ардак грамоталарды тапшырды.

Сыйлоо учурунда агенттиктин жетекчиси инвесторлордун ишенимин калыптандырууда жана Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытууда ЖМКнын маанилүү ролун белгиледи. Ал журналисттерге кесипкөйлүгү, так маалыматы жана конструктивдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мындай кызматташтык өлкөгө инвестиция тартууда маанилүү экенин кошумчалады.