Борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Жаңы жыл түнүндө Бишкектеги коомдук транспорттун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, 31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорт түнкү саат 2:00-3:00гө чейин иштейт.Шаар тургундарына жана конокторуна кызмат көрсөтүү үчүн негизги каттамдарда 300дөн ашык автобус каттамга чыгат.