"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ИЧКИ КЫЗМАТТАГЫ ИЗГИ ИШТЕР

Эгемендүүлүктүн 30 жылында жаза аткаруу тутуму мамлекеттин көңүлүнөн тыш калып, ар бир келген бийлик тарабынан системага “тагдырдын өгөй балдарындай” мамиле кылынып келгени эч кимибизге жашыруун болбосо керек.

А соңку жылдары бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандар үчүн катар-катар колониялар салынып, жазык тутумунун бир канча мекемелери заманбап тейде оңдолгону, айрыкча, абакта жаткандарга күндүр-түндүр тыным албай, көз салып турган кызматкерлердин маяналары бир кыйла көтөрүлгөнү кубандырууда. Өлкө жетекчилиги бул тармакка оң карап, жылыш жасап, тармактагы кызматкерлердин иштөөсүнө арка-бел, моралдык колдоо көрсөтүүнү көптөн бери атуулдук милдетине айлантып алган мамлекетчил инсандар тууралуу бул сапар азын-оолак кеп кылууга аракет кылдык.

Жыл жаңырар алдында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №31 мекемесине (мурунку №47 мекеменин бейтапканасы) ички кызматтын отставкадагы легендарлуу полковниги Марс Жусупбековдун жеке демилгеси менен Ооган согушунун жана согуштук чыр-чатактардын ардагерлеринин “Боевая Братство” коомунун башкармалыгынын төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, Баткенчи жоокерлер республикалык комитетинин төрагасы Сатыбек Молдалиев барышып, андагы мыкты иштеген ондогон кызматкерлерге Ардак грамоталарды, кызмат учурунда өзгөчөлүктөрдү көрсөтүшкөн офицерлерди медалдар менен сыйлап, жабык жайлардагы абал менен жеринде таанышып кайтышты.

Жыл жаңыраары менен береги Куралдуу күчтөрдүн ардактуу эс алуудагы “оор калибрдеги” генералдары менен полковниктери өлкө аймагындагы бардык жабык жайларды кыдырып кызматкерлер менен жолугуп, аларга моралдык колдоо көргөзүп, үлгүлүү жүрүш-турушка ээ кызматкерлерди аскердик коомдордун атайын медалдары менен сыйлоо, жаш кадрлар менен тажрыйба бөлүшүү багытындагы алгылыктуу иштерди жүргүзүүгө бел байлаганы турушат.

Калыгул Бейшекеев