"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Нарында 21 трансформатор алмаштырылат

Быйыл, 2026-жылы, Нарын облусунда 21 трансформатор алмаштырылып, кошумча 6 даана орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган облуста төмөнкү аймактардагы 21 трансформаторду алмаштыруу пландалууда:

  • Ак-Талаа району — 1;
  • Ат-Башы району — 3;
  • Кочкор району — 7;
  • Нарын району — 7;
  • Тогуз-Торо районунда — 3.

Ал эми кошумча 6 даана трансформатор орнотуу иштери:

  • Ат-Башы районуна — 1;
  • Жумгал районуна — 2;
  • Нарын районуна — 3.

Мындан тышкары, 2105 трансформатор капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүлөт.