"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Айрым азык-түлүк импортун бажы төлөмүнөн бошотуу чечими кабыл алынды

Айыл чарба министрлиги Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңеши Кыргызстандын айрым азык-түлүк товарларын импорттоого тарифтик жеңилдиктерди бекиткенин маалымдады.

Тийиштүү документтерге ылайык, 2026-жылдын аягына чейин Кыргызстанга ички керектөө жана өнөр жайда кайра иштетүү үчүн алынып келинген бодо малдын эти, кант жана какао продукциясынын айрым түрлөрү киргизүүчү бажы төлөмдөрүнөн бошотулат.

Тактап айтканда, бодо малдын жаңы, муздатылган жана тоңдурулган этин 5 миң тоннага чейин, камыш кант-сырьёсун 20 миң тоннага чейин жана какао-майын 300 тоннага чейин жеңилдетилген тартипте алып келүүгө уруксат берилет. Бул товарлар кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан гана колдонулушу шарт.