Юстиция министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда өзүн өзү актабаган акыркы алты жатак абак жабылмай болду.
Алгач 2025-жылы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, андан кийин айрым колония-конуштар жабыла баштаган. 2026-жылдын 28-январында №26, 42, 43, 44, 45 жана 52-жатак абактарды жоюу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул мекемелерди жоюунун укуктук негизи 2025-жылдын 31-июлунда кабыл алынган №181 мыйзам болуп саналат.

