"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

АКШнын инвесторлору менен меморандумдарга кол коюлду

Кечээ, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте АКШнын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, банк секторунун жана жеке бизнес өкүлдөрү катышты.

Жолугушууларда инвестиция, инфраструктура, технология жана социалдык долбоорлор боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Америкалык компаниялар Кыргызстандагы рынокко кирүүгө жана өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ачык экенин, бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында реформалар жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында агенттик бир катар америкалык компаниялар менен кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол койду. Алар инвестициялык долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга багытталган.