Белгилүү «Ай Йола» тобу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болуп дайындалды.
Элчи макамынын алкагында топ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эл аралык деңгээлде таанытууга катышат.
Буга чейин эки жолку Олимпиада оюндарынын байге ээси жана эркин күрөш боюнча дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова дагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болгону кабарланган.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Ачылыш аземи Бишкекте, ал эми негизги мелдештер Ысык-Көл аймагында уюштурулат.

