Кыргызстан менен Мисир жарандарынын укуктарын коргоо маселеси боюнча алгачкы консулдук консультация өткөрдү. Жолугушуу 4-февралда видеоконференция форматында өткөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн консулдук кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар жарандардын укуктарын өз убагында коргоо, алардын Кыргызстанда жана Мисирде жүрүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле консулдук багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү жана келишимдик-укуктук негиздерди бекемдөө тууралуу пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Мисир консулдук маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.

