Климаттын өзгөрүшү Ысык-Көлдүн суусунун тартылышына алып келип, экологиялык жана экономикалык коркунучтарды жаратууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде билдирди.
Анын айтымында, XIX кылымдын ортосунан бери Ысык-Көлдүн суусунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, көлдөгү суунун көлөмү 85 миллиард куб метрге азайган. Көлгө куя турган дарыялар да мурдагыга салыштырмалуу кескин кыскарган. Бул абал мөңгүлөрдүн эриши, суунун табигый агымынын өзгөрүшү жана сууну керектөөнүн өсүшү менен байланыштуу.
Министр белгилегендей, эгер бул процесс улана берсе, биологиялык ар түрдүүлүккө, туризмге жана аймактагы калктын жашоосуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
Кыргызстан Ысык-Көлдү сактоо маселесин глобалдык климаттык күн тартибинин бир бөлүгү катары карап, илимий негизделген жана узак мөөнөттүү чечимдерди ишке ашырууну сунуштоодо.

