"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

2025-жылдын мыкты улуттук тасмалары аныкталды

«Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборбору 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча улуттук кино тармагындагы мыктыларды аныктады.

Чечим киноборбордун расмий корутундусунун негизинде кабыл алынды. Баалоодо жаңы тартылган тасмалар, эл көп көргөн кинолор, ошондой эле кино тармагында активдүү иштеп жаткан киностудиялар жана адистер эске алынды.

2025-жылы жылдын мыкты дебюту деп «Акыркы дем» жана «Апаңды бийге чакыр» тасмалары табылды. Мыкты кинотеатр номинациясын «Синематика» ЖЧКсы алды.

Ал эми мыкты чет элдик дистрибьюторлор катары «Интерфильм дистрибьюшн» жана «Аскар Синема» ЖЧКлары белгиленди. Мыктылардын катарына кирген айым продюсерлер — Эрке Жумакматова, Алтынай Койчуманова жана Сүйүн Сулайманова.

Көп тасма жараткан студиялар деп «Бард Компани» жана «ССПРО Продакшн» ЖЧКлары аталды. Кассалык ийгиликке жеткен тасмаларынын катарына «Кудай сактасын», «Напарник 3» жана «Битир» кирди.