"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бахрейн Кыргызстандын инвестициялык форумуна чакырылды

2026-жылдын 5-февралында Бахрейнде Кыргызcтандын Сауд Арабиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Бахрейн Падышалыгынын Өнөр жай жана соода министри Абдулла бин Адель Фахру менен жолугушту.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле 2026-жылдын 24–25-апрелинде Бишкекте өтө турган Борбордук Азия өлкөлөрү менен Араб Булуңундагы кызматташтык кеңешинин ортосундагы Экинчи инвестициялык форумга Бахрейндин бизнес делегациясынын катышуусу талкууланды.

Элчи Улукбек Марипов министр Абдулла Фахруну “БА+БМКК” форматындагы инвестициялык форумга Бахрейн делегациясынын башчысы катары катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоону улантуу боюнча макулдашты.