Бүгүн, 6-февралда, Бишкек шаарында дизайнерлердин эмгектерин камтыган V республикалык көргөзмө өткөрүлөт. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусствосу музейи маалымдады.
Көргөзмө «Кыргыз Республикасынын дизайнерлер союзу» коомдук бирикмеси тарабынан Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда.
Экспозицияда белгилүү профессионал дизайнерлердин — жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын эмгектери, ошондой эле декоративдик-кол өнөрчүлүк искусство, графика, керамика жана зергерчилик багытындагы студенттердин иштери сунушталат.
Көргөзмө дизайн дүйнөсүнө кызыккан, бул тармактын татаал, ошол эле учурда чыгармачыл жолунун башаты менен жакындан таанышкысы келген бардык каалоочулар үчүн ачык экени белгиленди.

