"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ош: 7 акча алмаштыруучу жайдын иши токтотулду

Ош шаарында жана Кара-Суу районунда мыйзам талаптарын бузган 7 акча алмаштыруучу жайдын иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында аталган алмашуу жайлары мыйзамдарды жана ченемдик талаптарды сактабагандыгы аныкталган. Ага байланыштуу чечим 3-4-февралда кабыл алынган.

Лицензиясы токтотулган акча алмаштыруучу жайлар төмөнкүлөр:

  • Кара-Суу району, Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан «Форекс Голд»;

  • Ош шаары, Алымбек Датка көчөсүндөгү «Азиза ЛТД»;

  • Ош шаары, Алымбек Датка көчөсүндөгү «Осман»;

  • Ош шаары, Курманжан Датка көчөсүндөгү «Ойша Финанс»;

  • Ош шаары, Алымбек Датка көчөсүндөгү «Али Умар» алмашуу жайы;

  • Кара-Суу району, Андижан айылындагы «М Юсуф»;

  • Кара-Суу району, Жаңы-Турмуш айылындагы «Аманат Береке» алмашуу жайы.