Ички иштер министрлиги жарандарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардан алыс болууга чакырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, баңгизаттарды сатуу, даярдоо жана таратуу коомго, айрыкча жаш муундун келечегине олуттуу зыян келтирген оор кылмыштардын катарына кирет. Мындай мыйзамсыз аракеттер жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана коомдук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч жаратат.
Мыйзамга ылайык, баңгизатка байланышкан кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан тартып каралат. Күнөөлүү адамдар 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, ошондой эле мүлкүн конфискациялоо жазасына тартылышы мүмкүн.
ИИМ жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого, баңгиликке байланышкан кылмыштарга аралашпоого жана өзүнүн, ошондой эле жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.
Ошондой эле, эгерде баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, сатуу же таратуу фактылары тууралуу маалыматка ээ болсоңуздар, укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүү өтүнүчү айтылды.

