Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 2025-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиялык жыйында базарларда жана соода борборлорунда салык салууда болгон негизги өзгөрүүлөргө токтолду. Бул тууралуу аталган кызматтын Маалыматтык саясат башкармалыгынын жетекчиси Айнура Эргешова билдирди.
Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, жүргүзүлгөн реформалардын алкагында патент системасы кайра кайтарылып, ишкерлер ККМ аппаратын милдеттүү колдонуу талабынан бошотулду. Ошондой эле жылдык кирешенин босогосу 50 миллион сомго чейин көтөрүлүп, зергерчилик тармагы үчүн төмөндөтүлгөн салык ставкалары киргизилди.
«Бул чечимдердин баары ишкерлер менен түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде кабыл алынды», — деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
Ал ошондой эле “Дордой”, “Кара-Суу” жана “Мадина” базарларында жүргүзүлгөн пилоттук долбоор тууралуу айтып, адам фактору азайганда мыйзам бузуу коркунучу кескин төмөндөп, салыктык тартип жакшырганын билдирди.

