"Эркин-Тоо"
Кылмыш

Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринен баңгизат табылды — ФОТО

2021-жылдын 19-майында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам материалдарын ишке ашыруу учурунда, Аламүдүн районунун Тергөө кызматынын жана Чүй ИИББнүн атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте, Новопавловка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде баңгизаттарды сатууга жана уюштурууга катыштыгы бар деген шек менен санкциялаштырылган тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада, 1969-жылы туулган И.Д. аттуу «Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидери кармалган. Тинтүү учурунда анын кийип жүргөн спорттук күрмөсүнөн 2,5 грамм марихуана табылган. Ошондой эле, тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда үйдө 10 жаран болгон, алар да жогоруда аталган коомдук кыймылдын жигердүү мүчөлөрү: 1971-жылы туулган А.А. (үйдүн ээси), 1968-жылы туулган О.Т., 1968-жылы туулган У.К., 1976-жылы туулган Т.С., 1977-жылы туулган А. Т., 1978-жылы туулган Ж.Т., 1981-жылы туулган К.А., 1983 жылы туулган И.К., 1992-жылы туулган Э.С., 1986-жылы туулган К.Ф..

Тинтүүнүн жүрүшүндө, жайкы ашканадан бөтөлкөдөн тамеки тартуу үчүн үйдө атайы даярдалган бульбулулятор жана наркотикалык өсүмдүк табылган. Мындан тышкары үйдөгү мончодон кара-куурай салынган баштык табылган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалисттик борборунун корутундусуна ылайык табылып алынган зат таза салмагы 427 граммды түзгөн марихуана баңгизаты деп аныкталган. Кармалган жарандардын бирине өздүк кароо жүргүзүү учурунда, Э.С. аттуу жарандын шымындагы жашыруун чөнтөгүнөн сары полиэтилен баштыгына оролгон таңгакта кара куурай табылган. Чүй облусунун ИИББнүн Криминалисттик борборунун корутундусуна ылайык табылган зат таза салмагы 3 грамм 625 миллиграммды түзгөн марихуана баңгизаты деп табылган.

Күбөлөндүрүү учурунда 10 жаран тең баңгизат колдонгондору аныкталган. 2021-жылдын 20-майында О.Т., А.А., жана Т.С. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаарындагы Убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Калган кармалгандар К.Ф., К.А., Э.С., Ж.Т., И.К., А.Т., И.Д., У.К., тергөө иш-аракеттеринен кийин келүү милдеттенмеси менен бошотулган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жана тергөө амалдары жүрүп жатат.