Жакында Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинде окуу жайдын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык менеджмент академиясынын академиги Сатыбалды Ашимович Өмүрзаковдун 60 жылдык маарекесине арналган “Ааламдашуу жараянынын көйгөйлөрү жана өнүгүү келечеги – коомдун биримдигин ийгиликтүү калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн негизи катары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Конференция онлайн жана офлайн тартибинде өттү. Конференцияга коўшулаш Казакстандан, Өзбекстандан, Түркиядан, Польшадан жана Россиядан жалпысынан 228 илимпоз, изденүүчү, ар кайсы тармактардан адистер, бир катар илимий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Конференция илимий багыттарды, тармактарды жана ааламдашуу мезгилиндеги коомдук өнүгүүнүн маанилүү маселелерин камтыган 6 секцияда иш жүргүздү.
Ошондой эле конференцияга Кыргыз кооперативдер биримдигинин төрагасы Ж.М.Абакиров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т. Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.А.Ормоков, Түрк тилдүү мамлекеттерди изилдеген “Түрк дүйнөсү” фондунун президенти профессор Көзхан Язган, өлкөнүн бир катар жогорку окуу жайларынын ректорлору катышышты.
Пленардык отурумда Польшанын Жогорку Силезия экономикалык университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору Дырка Стефан, Азербайжан Мамлекеттик экономикалык университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору В.Л.Назарова, Алма-Ата Гуманитардык-экономикалык университетинин профессору Мехмет Юже жана профессор А.М.Даузова, Ташкент Медициналык академиясынын профессору, медицина илимдеринин доктору М.Р.Ниязметов, Фергана Политехникалык университетинин доценти О.Т. Нурматов жана башка окумуштуулар илимий баяндамаларды жасашты.
Ошентип Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн илимий-практикалык конференция өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.
Орункул САТЫКУЛОВ
№113 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 27-декабры

