Эстеликтер адатта – белгилүү бир тарыхый окуялар үчүн, же болбосо элге-журтка, мамлекетке эмгеги сиңген адамдын урматы үчүн, улуттук, мамлекеттик сыймыкты даңазалоо максатында коюлат эмеспи.
Саресеп салсак, отуз жылдан ашуун мезгилден бери карай борбор калаабызга эстеликтер көп коюлуптур. Адегенде эле 1999-жылы Ала-Тоо аянтына Эркиндиктин эстелиги турду. Андан соң Эркиндик бульварында 2003-жылы Курманжан датканын эстелиги коюлду, эгемен Кыргызстандын тунгуч премьер министри Насирдин Исановдун айкели 2003-жылы коюлду. Спорт сарайынын алдындагы Кожомкул балбандын эстелиги 2004-жылы 14-декабрда коюлду. Андан бери кыргыздын тарыхый инсандары,төкмө акындары, акын-жазуучулары, илимпоздору,саясатчы, тарыхчылары баш болгон жалпы элге эмгеги синген инсандарынын эстеликтери мүмкүн болушунча коюлуп келе жатат.
Коомчулукта “жыл өткөн сайын шаарыбызды таш эстеликтер каптап баратат. Кайсы бир учурларда жашыл шаар аталган шаарыбыз бүгүнкү күндө акырындап таштан коюлган эстеликтердин шаарына айланып кетпейби, азыр баатырлардын, аткаминерлердин же колунда бар адамдардын эстеликтери көп тургузула баштады” деген пикирлер да айтылып, айрым эстеликтердин көрүнүшү коомчулукта сынга алынып келет. Алардын тарыхый-архитектуралык, маданий-эстетикалык талаптарга канчалык төп келээри жөнүндө сөз башка.
Башкасын айтпаганда да, эң негизги улуттук символ, улуттун жүзү катары коюлган Ала-Тоо аянтындагы Улуу Манастын айкелинин келбет-турпаты көзгө толумдуу жасалбай калганы өз учурунда коомчулуктун назарын бурган. Бул эстелик мурдагы «Эркиндиктин символун чагылдырган» эстелигинин ордуна, эгемендүүлүктүн 20 жылдыгынын урматына арналып орнотулган. Анын бийиктиги 17 метрди түзөт. Арийне, айкелди жасаган скульпторлордун, аны тандаган комиссия мүчөлөрүнүн да өз жүйөөсү, өз билген себеп-далилдери бар деңизчи. Бирок карапайым эл деген эл, алар мындай айкелдерди бир көрүү менен эле өз пикирин айтат.
Бул эстеликтин коюлушу боюнча өз учурунда демилге көтөрүп, өз жанынан каражат болүп аракет кылган ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго кайрылганыбызда ал: “Бул эстеликтин турушу менин демилгем эле. Ушул маселени көтөргөндө көп эле кер-мур сөздөрдү уктум. Манас атанын эстелигин мен Ажиев деген скульптор агайга буюртма бергемин. Санкт Петербургдагы Петр-1 дин эстелигиндей болчу. (Айтмакчы ошол Ажиев скульптор агай Стамбулдагы жана Анкарадагы Манас атанын эстелигинин автору. Демилгечи Темирлан Сарлык уулу). Анан эле сынак болду. Анда биз жасаткан эстелик жана азыркы турган эстелик турду. Ошо кездеги өлкө башчысы эмнегедир азыркыны тандаптыр. Азыркы эстеликти “Образ проигравщего воина” десек да болот. Ажобуз жаңы жасатса жакшы болот эле. Убагында Манас атабыздын эстелигинин тургузулушуна баарынан көп акча берейин деп 5 (беш) млн сом бергем” – деген жообун узатты.
Чынында, темир жол вокзалы тарапка орнотулган М. В. Фрунзенин эстелигине, же болбосо Улуттук филармониянын алдына коюлган Манастын эстелигине, анан албетте Ош шаарына орнотулган Манастын эстелигине салыштырып көрүп, аларга салыштырмалуу Ала-Тоо аянтындагы Манастын айкели бир топ эле кунарсыз, көрксүз жасалгандыгын моюнга алууга аргасызбыз.
Кожомкул балбандын эстелигинин архитектору Сергей Байназаров болсо, скульптору Базарбек Сыдыков. Бийиктиги – 14 метр, салмагы – 3 тонна. Ал Казакстандын Жезказган аймагынан алып келген жезден жасалган. Эстеликти жасап тургузууга баш-аягы 3,5 миллион сом жумшалыптыр. Кожомкул балбандын эстелигинин артыкчылыгы – азырынча бүтүндөй Орто Азияда мындай ат көтөрүп турган адамдын эстелиги пайда боло элек.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 13 жылдыгынын урматына 2003-жылы Эркиндик бульварына ак таштан чегилген Курманжан Датканын эстелиги тургузулган. Скульптору Виктор Шестопал. Мурун бул жерде Лениндин (1948-1984), Дзержинскийдин (1987-1999) жана Эркиндиктин (1999-2003) эстеликтери турган. Алай ханышасы бир колуна түрүлгөн бир барак кагаз, экинчисине камчы кармап турат. Өлкө тарыхындагы биринчи аял башкаруучуга арналып тургузулган эстеликтердин бири. Бирок эстеликтин жүзүнө баам салып карай келсең, айтылуу Курманжан энебиздин курч көздүү, кыраакы жүзүн эмес, кадимки эле катардагы сурма көз кыргыз аялдарынын элесин көрүүгө болот. Эскерте кетсек, Курмажан энебиздин фото сүрөтү такыр жок эмес болчу, тарых барактарына кайрылсак, өз учурунда тартылып калган бир нече фотосүрөттөрүн көрүүгө болот, кадимки сүрөтчүлөр ошол фотосүрөткө таянып далай эмгектерди жаратышканы маалым. Айкелди жасоодо да фотосүрөттөрдү бир карап коюу ашыкча болмок эмес.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында “Айыл, суу чарба министрлигинин” имаратынын алдына кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкели 2011-жылы 31-августта орнотулган. Орусияда колодон жасалган айкелге 600 миң доллар жумшалган. Бийиктиги үч метр. Бирок улуу жазуучуга коюлган эстелик залкар адамдын образын залкардай чагылдырып бере алган эмес. Айкелдин баш жагы кадимки жазуучубуздун өң-түсүн, балким кайсы бир жаш курагын көрсөтүп турганы менен, турпаты ага шайкеш келбейт, кичинекей, көзгө толумсуз, кунарсыз жасалган. Башкача айтканда, залкардын жүзү менен турпаты бир-бирине дал келбей калган. Залкарыбыз өз окурмандарынын көз алдында өмүр кечирип, биз аны сүрөттөрдөн, теледен эле көрүп тим болбой, бетме-бет да далай ирет маанилүү иш-чараларда көрүп, кезигип, жалпыга айткан кеңешин угуп, таасирленип келдик. Чыңгыз Айтматовдун ушунчалык эл көзүнө сиңген бараандуу, келбеттүү турпатын, көрүнүктүү образын эмне себептен айкелде толук ачып бере алышкан эмес аттиң ! Бул эстелик боюнча Эл жазуучусу, сүрөтчү Бекен Назаралиевдин пикирин угуп көргөнүбүздө, “ Айтматов – бул адабияттагы гигант. Анын эстелигин коюу үчүн керек болсо атайын бир кеңири аянт бөлүнүп берилип, бүтүндөй бир эстеликтердин ансаблинин коштоосу менен көрүнүктүү жерге коюлууга татыктуу эле. Айтматов менен бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанып жатса, анын эстелигин Айыл чарба министрлигинин алдына катып койгондой кылып жайгаштырбай…” – деп кейиди жазуучу. Чынында, өз учурунда айрым массалык маалымат каражаттары жазып чыккандай, бул эстелик “Айтматовго эстелик тургузулду” деген ат үчүн эле коюлуп калгандай таасир калтырат.
“Ала-Тоо” кинотеатрынын күн чыгыш жагына 2017-жылы коюлган таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Чокморовдун өзүнө окшошпой калып, коомчулукта нааразы пикирлерлер жаралып, алынып салынган. Кийин кайрадан скульптор Азамат Абдрахманов жана архитектор Нурсейит Мамбетказиев эстеликти кайра калыбына келтирип, талапка ылайык иштеп чыгышкан эле. Кыргызда улуу акын Жолон Мамытовдун сөзү менен “Кыргыз өңү – Чокморовдун өңүндөй” деген образ калыптанып калган. Чокморовдун образынан ар бир кыргыз өзүн көргүсү келет.
Жакында 20-ноябрда Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели ачылды. Айкелдин ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият ишмерлери, залкар жазуучунун замандаштары, шакирттери жана окурмандары катышкан. Жыйырманчы кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууда зор салым кошкон, кара сөздүн устасы, алп жазуучунун эстелиги өзүнүн образын толугу менен ачып берген. Жазуучунун бараандуу, салмактуу элеси айкелде мыкты чагылдырылып, көргөн көздү ыраазы кылат.
Эстеликтерди тургузууда коммиссия мүчөлөрүн тандоо мамлекеттик жетекчилердин көзөмолүндө экени баарыбызга маалым. Демек тарыхыбызды айкелдер аркылуу чагылдырууда тандоо укугуна ээ болгон коммиссия мүчөлөрүндө чоң жоопкерчилик бар. “Эл тараза, эл сынчы” демекчи, кандай болгон күндө да жалпы элдин пикири менен эсептешсек жаңылыштык болбос эле.
Махабат САИДРАХМАНОВА
№95 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 1-декабры