Мамлекеттик ипотекалык насыялоонун иштиктүү кадамдары тууралуу ой бөлүшүп, бул багыттагы мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн ЖК депутаты Аалы Карашев «Парламент» радиосуна курган маегинде ачыктап берди.
Турак – жайды ипотекага алууда баштапкы төгүм 10%дан кем болбойт, — деп мыйзамда белгиленген жери бар. Азыркы сунушталып жаткан долбоордо ошол биринчи салымды жокко чыгаруу жагы каралып жатат. Бул маселени кароого алган Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берди, — деди демилгечи депутат.
Ошондой эле А. Карашевдин айтымында, ипотекалык шартта үй алуу кезегинде 15 миңдей адам турган болсо, алардын 4900ү гана үй алууга үлгүрдү. Дагы максатына жетип, кыялым орундалса деген тилектегилери көп.
“Алдыдагы 6 жылда айрыкча жаш үй – бүлөлөрдү турак – жайлуу кылуу ишке ашат. Бул максатта 800 миңден ашуун чарчы метр турак – жай курулат. Мындай талап мамлекет башчысы С.Жапаровдун жакындагы кайрылуусунда да негизги программалык максаттардын бири катары белгиленгени жакшы жышаан”, — деп белгиледи эл өкүлү.