"Эркин-Тоо"
Маанилүү маек Эркин Тоо гезити

Аалы Карашев: “Облустук маанидеги шаарларга 1 миллиард сом берүү тарыхта болгон эмес”

Өлкөдөгүмамлекеттик жана жергиликтүүөзүн-өзүбашкаруу жаатындагы бийик тажрыйбасы бар Аалы Азимовичтин маңдайына кезегинде кайсы бийлик болбосун өңчөй бийик кызматтар ыроолонуп, бул жагынан опол тоодой оомат күткөн. Облус губернатору, КР өкмөтүнүн аппарат жетекчиси, эки ирет биринчи вице-премьер-министр, депутат, Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары сыяктуу үлкөн кызматтардан тышкары Өлкөнүн Өкмөт башчылык кызматынын милдетин 1 апта бою аркалап турган. Биз бул сапар тажрыйбалуу мамлекетчил ишмер менен кеңири маанайда баарлаштык.

— Аалы мырза, соңку айларда өлкөдөгүшаар мэрлери, жергиликтүүдеңгээлдеги жетекчилер менен акимдер чуулгандуу маалыматтарды пайда кылышып, айрымдарынын алды абакка кирип кетишти. Буга удаа кадрдык жүрүштөрдүн жанданганын байкадыңыз да. Жергиликтүүжетекчилердин катар-катар кемчиликтеринен кийин эл арасында “мындай адамдар бийликке, андагы маанилүүкызматтарга кантип келип алышат?” деген күмөндүүсуроолордун аягы тыйыла элек. Бул көрүнүшкө карата сиз деле тынчсызданып жатсаңыз керек…

— Кадрлардын кызматка келип-кетиши күнүмдүк кадыресе эле көрүнүш. Келгени-келет, иштей албаганы кетет. Мындай кадрдык жүрүштөрдөн өтө деле аша чаап, трагедия издештин кереги жок. Аныгында буга чейин жергиликтүүбюджетте каражаттын таңкыстыгы жаралып, мукурап, ар дайым талаш болуп келген. Бул жагын ачык айтуу зарыл. Биздин жергиликтүүбашкаруу органдарында, айрыкча айыл аймактардын 80%ы дотацияда болуп келишкен. Мындай көйгөйдөн арылуу үчүн Президентибиз
Садыр Нургожоевичтин саясий бекем эрки менен айыл аймактарды ирилештирүүжараяны болуп, жергиликтүүдеңгээлдеги жакшы реформалар жүрүп жатат. Буюрса бул жагы келечекте сөзсүз өз жемишин берет. Маселен, соңку убакта Сары-Өзөн Чүйдөгүсөз болуп жаткан ошол эле Токмок менен Кара-Балта шаарларын алалычы. Бул эки калаага мамлекеттик бюджеттен ар бирине 1 миллиард сомдон берилиптир. Биздин эгемендүүлүккө жеткен соңку тарыхыбызда облустук деңгээлдеги шаарларга азыркыдай кошумча 1 миллиард сомдон берилген көрүнүштөр болгон эмес. Маселен, жогорудагы аттары аталган калаа жетекчилери өздөрүжетекчилик кылган аймакка 1 миллиард сом келерин билишкен да, туурабы? Кыскасы, жумшалган 1 миллиард сом келечекте шаардын казынасына кайра каражат алып келе тургандай максаттуу долбоорлорго жумшалса эп болмок.

— Мына ушундай кашаң, ишти эптей албаган жергиликтүүдеңгээлдеги жетекчилер бир кездери сиз иштеп кеткен мамлекеттик кадр кызматы тарабынан сынак аркылуу резервге туруп, азыркы кызматтарына келип жатышат. Сынак аркылуу жетекчилерди кызматка алуу бүгүн канчалык деңгээлде өзүн актап жатат деп ойлойсуз?

— Бул суроого алгач бир аз артка чегинүүменен жооп узатайынчы. Эл аралык алкакта да 2 чоң тажрыйба бар. Биринчиси, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка ачык сынак менен келишсе, экинчиси жабык жол аркылуу келишет. Кыргызстанда союз тарагандан кийин мамлекеттик кызмат жөнүндө биринчи мыйзамыбызды 1999-жылы кабыл алганбыз. Ага чейин биз советтик системанын инерциясы менен келе жатканбыз. Андан соң 2004-жылы мамлекеттик кызмат жөнүндө экинчи негизги мыйзамыбызды кабыл алдык. Ошол экинчи кабыл алган мыйзамда Кыргызстанда ачык жол менен мамлекеттик кызматка келиш деген эрежени тандап алды. Дал ошол мыйзамда ачык сынак кандай болоору, ар бир министрликке, борбордук мамлекеттик органдарга атайын кадрлар менен иштеген статс-катчылык орундар (министрдин биринчи орун басары рангында) киргизилген. Аныгында саясий кызматтардан көп нерселер түздөн-түз көз каранды болуп калат. Маселен, жаңы жетекчи катары министр же агенттиктин жетекчиси келеби, кимиси болбосун “өздүк командам менен келдим” деген жазылбаган “эрежелерди” эш тутушуп, ага чейин дал ошол тармакта ондогон жылдардан бери иштеген абдан кесипкөй, тажрыйбалуу кадрларды четке сүрүшүп, өңчөй өздүк өң-тааныш адамдарын алып келип турушкан. Мындай жагдайлардан соң мамлекеттик органдардын кадр саясатында туруктуулук орнотуп, өмүр бою иштеген иш билги кадрларды сактап калуу максатында ошол кезде ачык сынак киргизилген.

— Бул жааттагы азыркы этаптарды айтсаңыз? Жыйынтык барбы?

— Мындай ачык жолдун оң жагы тармакта бир эле жерде жүрө берген кадрларды эмес, сырткары жерлерде иштеген таланттуу, билимдүү, тааныш-билиштиктен алыс, башка мамлекеттик органдарда иштеген кадрларды сынактын атайын талаптарына жооп берсе, андай адистердин кызматка келүүсүнө шарт түзүлөт. Ал эми бул маселенин терс жагы катары мамлекеттик кызматта маселен, сектор башчысы болуп 10 жылдан бери иштеп, бөлүм башчылык же ошол эле вице-мэрлик орунга вакансия болуп, сынакка документтерин берсе, ошол сынакта белгиленген кызматка таптакыр эле сырттан бирөө келип калган учурлар болот. Ал тармакта бир күн иштебесе дагы. Андай кадр аналитикалык каттарды жаза алабы? Мындай шартта сынакка катышкан ошол эле сектор башчы кайра утуп чыккан атаандашына иштин эреже-шарттарын үйрөткөн жагдайлар бар экенин кайда катабыз? Бул жагынан коомчулукта түрдүүпикирлер, сындар бар.

— 2021-жылы кабыл алынган жаңы мыйзамда кандай шарттар каралган?

— Ооба, 2021-жылдын октябрь айында КР Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Жаңы мыйзамда мамлекеттик кызмат боюнча мамлекеттик кеңеш, статс-катчылык институттары жоюлду. Азыр сынак атайын кайсы бир түздөн-түз кызматка эмес, жалпы мамлекеттик органдын резервине жарыяланат. Ошол резерв балким 50 же 100 киши менен толукталат. Резерв мамлекеттик органдардын атайын каралган кызматтарынын группаларына гана түзүлүп, жыйынтыгы менен жумушка ким кабыл алынарын министрликтин жетекчиси же агенттиктин башчысы гана чечет. Мындай көрүнүштүн да айрым тобокелчиликтери бар. Жалпысынан мындай көрүнүштүкандайдыр бир деңгээлде жабык система деп койсок жарашат. Мамлекеттик органдын резерви мындан ары кандай жол менен иштетилет? Бүгүн биз ошонун механизмдерин комплекстүүтүрдө иштеп чыгышыбыз керек.

— Сиз бул жаатта чоң тажрыйбага ээ мамлекетчил ишмер, ал тургай илимдеги докторлук ишиңизди да дал ушул тармактын күнгөй-тескейине арнаган илимпоз катары реалдуу сунуштарыңызды тиешелүүжактарга, коомчулуктун сынына эмнеге сунуштабайсыз? Сын айтпай, мыйзамдын чийки жактарына сунуш берүүазыркыдай шартта маанилүүда, туурабы?

— Сунуштап келгем жана мындан ары да реалдуу шартта ой-пикир, идеяларыбызды айта беребиз. Биздин сунуштар канчалык деңгээлде кабыл алынат? Бул жагы албетте, башка маселе. Ошого карабай өкмөткө өзүбүздүн сунуштарыбызды берип жатабыз. Ж.Абдрахманов атындагы Президенттин алдындагы башкаруу академиясында атайын муниципалдык кызматкерлерди эл аралык уюмдардын колдоосу менен магистратурага даярдайт. Булардын алдында жергиликтүүбийликтеги реформалардын жүрүшүн мониторинг кылган атайын көз карандысыз топ бар. Биз ошол топ менен бүгүнкүкүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча атайын илимий изилдөөлөрдүжүргүзүп турабыз. Административдик-аймактык реформалар боюнча изилдөөлөрдүжүргүзүп, өзүбүздүн сунуштарыбызды расмий түрдө берип эле келатабыз. Берген сунуштардын баары эле бир беткей кабылдана бербейт.

— Жергиликтүүжетекчилерди бир беткей кызматтан алуу менен көйгөйлөр чечиле калбаса керек. Буларга карата рычагдын башка түрүн колдонсо болот беле?

— Учурда Мамлекет Башчыбыздын демилгеси менен 2022-жылдан баштап жергиликтүүмамлекеттик администрация башчылары (буга чейин алар резерви жок, саясий кызмат катары дайындалып келишкен) регионалдык резервге сынак аркылуу өтүп кирген соң гана дайындала башташты. Бүгүн Өлкө Башчыбыз жергиликтүүжетекчилик кызматтарга каалаган кишисин койгон жок. Мамлекеттик кадр кызматынын атайын сынагынан өтүп, регионалдык резервде турган кызматкерлерди гана дайындап жатат. Ошондой эле шаар мэрлеринин жана айыл аймактарынын башчыларын дайындоодо да ачык сынактын негизинде гана муниципалдык резерв түзүлөт. Ошол сынактар өтүп жатканда сынактын талаптарын күчөтүп, татыктуу кадрларды резервге киргизүү зарыл. Мындан тышкары жетекчилердин ишинин жылдык жыйынтыгынын натыйжалуулугуна баа берүүкритерийлерин так иштеп чыгып, анын аткарылышын талап кылып, жеке жоопкерчилигин көтөрүү керек.

Калыгул Бейшекеев