"Эркин-Тоо"

АБА ТАБЫ АДАМДАРДЫН ӨМҮРҮНӨ КОРКУНУЧ ЖАРАТУУДА

ЭМГЕК ӨНДҮРҮМДҮҮЛҮГҮ ЭКИ ЭСЕ ТӨМӨН ТҮШӨТ

Үстүбүздөгү 2024-жыл жарымынан жаңы эле өтсө да ага өнөр жай доорундагы климаттык катаклизмдин орду жазылганы турат. Акыркы жумаларда эле дүйнө күн табынын эң жогору көтөрүлгөн үч учурун баштан кечирди. Алар аба табынын буга чейинки бардык көрсөткүчүнөн ашып түштү. Адамдар экстремалдык ысыктан каза болуп жатат, БУУ планетардык масштабдагы жаңы “эпидемия” тууралуу билдирүү таратууда. Ал эми метеорологдор 2024-жыл адамзат тарыхындагы эң ысык жыл катары элдин эсинде каларын эскертүүдө. Адам баласынын ишмердүүлүгү менен байланышкан глобалдык ысык улам күч алып баратат. Тынч океандын “Эль-Ниньо” деп аталган жогорку катмарынын ысышына карандай карама-каршы келген, планетадагы абаны кескин муздатуучу “Ла-Нинья” аттуу аба агымы жылып келе жатат. “Климаттык көйгөй Жер шарындагы кайсы бир мамлекеттердин гана эмес, бүткүл адамзаттык көйгөй” деп билдирди БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш. “Жыл өткөн сайын Жердин ысыганы күчөп баратат, адамдардын турмушу бардык жерде коркунучка кептелүүдө. Андыктан бардык мамлекеттерге экстремалдык ысык алып келчү апааттар менен күрөшүүнүн программасын иштеп чыгууну сунуш кылам” деди Баш катчы. Ал күндүн ысыганын жаңы “эпидемия” деп атап, анын кесепети миллиарддаган адамдарга тийип жатканын айтты. Аба табы кээ бир жерлерде 50 градуска чейин көтөрүлүп, адамдардын өмүрүнө ачыктан-ачык коркунуч жаратууда. Күндүн ысыгы элдердин баргерчиликте жашаган турмушуна терс таасирин тийгизүүдө. Жумушта иштеген адамдардын дээрлик 70 пайызы, же 2,5 миллиард адам күндүн экстремалдык ысышынан жабыр тартууда. Күндүн табы 34 градустан өйдө көтөрүлгөндө эле эмгек өндүрүмдүүлүгү эки эсе төмөн түшүп кетерин окумуштуулар эсептеп чыгышты. Күндүн ысышы менен экономикалык чыгым да артып баратат. БУУ 2030-жылга карата ал чыгым 2,4 триллион долларга барабар болушу мүмкүн деп коңгуроо кагууда.

ЖАЙКЫ АПТАПТА АДАТТАН ТЫШ ЭМНЕЛЕР БОЛУП ЖАТАТ?

Жыл сайын ысыктан жарым миллион адам каза болуп жатат. Бул деген бардык климаттык кыйроолордон, урагандардан каза болгон адамдардын санынан 30 эсе көптүк кылат. “Жайда күндүн ысышы көндүм эле иштей туюлат. Бирок, экстремалдык ысык жыл өткөн сайын күчөп, анын аймагы улам кеңейип, мөөнөтү узарууда. Ал экономиканын, адамзаттын өсүшүнө тоскоол болуп, адам өмүрүн алууда” деди Гуттериш. ЫСЫКТАН КИМДЕР ЖАБЫР ТАРТАТ? Ысыктан көбүнчө улгайган адамдар, кош бойлуу аялдар жана колунда жок кембагалдар жабыр тартышат. Жабыр тарткандардын саны жыл сайын өсүп, чыгымдын дагы бир жаңы түрү – климаттык чыгым деген пайда болду. Глобалдык ысык бардык статистикалык маалыматтар боюнча күчөп баратат. Акыркы 12 айда аба табы дембе-дем көтөрүлүп, адамзат өндүрүш ишканаларын жакшы өздөштүрө элек тээ 1850–1900-жылдарга салыштырмалуу 1,5 С жогорулады. Бул көрсөткүч шарттуу гана көрсөткүч, бирок 2015-жылы климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү боюнча Париж келишимине кол койгон мамлекеттердин баары ушул көрсөткүчтү сактап турууну милдеттенишкен.

МЫНДАЙ АБАЛ МУРДА БОЛГОН ЭМЕС

Жүз миңдеген жылдардан бери планета мындай абалды баштан кечирген эмес. Мисалга ушул эле июль айын алып көрөлү. 2024-жылдын 21-июлунда Жердин үстүндөгү бүткүл дүйнөлүк аба табы жаңы рекорд жасады. Ал ысык күн бою сакталып, 22-июлда гана бир аз кайткандай болду. Планета 17, 16 С даражага чейин ысыды. Ал эми 23-июль күнү аба табы мурдагыдан да көтөрүлүп, 2023-жылдын 6-июлундагы 17,08 С ысыктан жогору болду. Акыркы 13 айдагы аба табы ысыктын мурдагы чектеринин баарынан ишенимдүү түрдө ашып жатат. «Биз, бизге тааныш эмес аймакка чыктык жана жакынкы айларда, жылдарда күтүлбөгөн окуяларга туш болушубуз мүмкүн” деди Коперник борборунун жетекчиси Карло Буонтемпо. Адамзаттын тарыхында акыркы орточо суткалык аба табынын жаңы чеги акыркы он жылдыкка – 2015-жылдан 2024-жылдарга туш келди. Окумуштуулардын айтымында мындан башка дагы жаңы көрсөткүчтөр сөзсүз болот. Жалпысынан 2024-жыл тарыхтагы эң ысык жылдардын бири болуп калат. Кийинки айлар бир аз салкын тартарына карабастан, 2024-жылдын июлу адамзат тарыхындагы буга чейинки июль айынан 0,2 С даражага ысык бойдон кала бермекчи.

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!