Кыргызгидромет борборунун билдирүүсү боюнча, 20-21-22-апрель күндөрү өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
21-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, абанын температурасы кескин муздайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
22-23-24-апрелдерде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.