"Эркин-Тоо"
Аба ырайы Жаңылыктар

Аба ырайы кескин өзгөрөт

2025-жылдын 16–18-сентябрь күндөрү өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аба салкындап, Чүйдө +17…+22°, Таласта +15…+20°, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +20…+25°, Ысык-Көлдө +15…+20°, Нарын облусунда +16…+21° болот. Ал эми тоолуу райондо +9…+14°, бийик тоолордо +1…+6° болору күтүлүүдө.

Шамал батыштан батыштан соккон ылдамдыгы  4–9 м/сга жетет. Айрым аймактарда 15–20 м/сга чейин жетиши ыктымал.

ӨКМ мындай аба ырайы жол кыймылына, байланыш жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратышы, жайыттарда мал кармоону татаалдаштырышы мүмкүн экендигин эскертти.