"Эркин-Тоо"
Аба ырайы Жаңылыктар

Аба ырайы: Жамгыр жаашы күтүлөт

Кыргызгидромет 27–29-октябрда күтүлгөн болжолдуу аба ырайы тууралуу маалымат жарыялады. Ага ылайык, бул аптада өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Бирок жуманын экинчи жарымында күн ачылып, аба ырайы турукташат.

Синоптиктер билдиргендей, 27–29-октябрда Чүй, Талас жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында да аптанын башы жаан-чачындуу болуп, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бирок жуманын экинчи жарымынан тарта аба ырайы турукташып, күндүн ачылышы күтүлөт.