ӨКМ билдиргендей, 24-26-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу айрым жерлерде жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Ошондой эле тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Кар көчкү Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуусуна, Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына, Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуусуна, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусуна жана Красная-Горка – Акташ унаа жолуна түшүшү мүмкүн.