Америкадагы Массачусетс технология институту (MIT) инженерлери абадан суу алган жаңы технологиялык аппаратты иштеп чыгышты. Бул тууралуу аталган институттун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы жасалган терезенин өлчөмүндөгү технологиялык түзүлүш абадагы нымдуулукту сиңирип, аны сууга айландырат. Ал өтө кургак аба шартында дагы күнүнө 160 миллилитрге чейин таза сууну өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Андыктан бул технологиялык түзүлүштү ичүүчү суу тартыш болгон аймактарда колдонууга болот.
Кыймылдуу сүрөт MIT News’тан алынды