Учурда мамлекетибизде даярдаган мыкты кадрлары менен таанылып, сыймык менен аты аталган окуу жайлардын бири “Абай” гуманитардык-экономикалык колледжи. Бул окуу жайды аяктаган бүтүрүүчүлөр аймактарыбыздагы социалдык-экономикалык абалынын алга карай өнүгүүсүндө жаштык жигерлери менен чоң салымдарды кошуп жатышат. Мекендештерибиздин бакубатчылыгын арттырууда, жашоо шарттарынын заманбап абалда болуусу үчүн жаш болсо дагы алардын умтулуп жатканы таалим-тарбия берип, окутуп жаткан педагогдор жамаатынын күчтүү таасирлеринен улам экендиги талашсыз.
“Абай“ гуманитардык-экономикалык колледжинин түптөлгөндүгүнө үстүбүздөгү жылы 10 жыл болду. Окуу жайды 2012-жылы чыгаан илимпоз-педагог, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Мамбеткалиев Султан Мамбеткалиевич негиздеген. Султан Мамбеткалиев эмоционалдыкмаанилик метод боюнча кыргыз тилин тез үйрөтүү ыкмасын иштеп чыккандыгы менен белгилүү. Дүйнөлүк масштабдагы илимпоз катары, эне тилин, кыргыз тилин дүйнө жүзүнө тааныткан чоң окумуштуу Султан Мамбеткалиев артында өлбөс-өчпөс бараандуу из калтырып кетти. Ал Эл аралык деңгээлде илим, билим берүү тармагында эң мыкты академик, тилчи катары таанылган.
Баарыбызга белгилүү болгондой, 1989-жылдын 23-сентябрында республикада «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. Ошондо бул мыйзам тилди үйрөтүү жаатындагы зор ишмердиктин кең мейкиндигин ачкан. Натыйжада мамлекеттик тилди үйрөтүүгө, окутууга шарт түзүлүп, Султан Мамбеткалиев кыргыз тилин тез үйрөтүү ыкмасын жолго коюп, 1991-жылы 17-октябрда тилдерди тез үйрөтүүчү «Университет» республикалык борборун түзгөн. 1992-жылы борбордун базасын кеңейтип, 1-декабрда республикалык жогорку колледжин ачкан.
Элге билим берүүнү өркүндөтүүнүн демилгечиси, өтө шыктуу педагог, алдыңкы ойлор менен жаңы иштерди жаратуучу белгилүү илимпоз Султан Мамбеткалиевдин демилгеси, туруктуу аракети менен башка эч бир окуу жайына окшобогон Чүй университети 1996-жылдын 25-январын да ачылып, ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин жаңы ыкма, методика менен жогорку даярдыктагы билимдүү адис кадрларды окутуп, даярдап келүүдө.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эне тилибиз үчүн Султан агай күйүп-бышып, жарандарыбыздын патриоттук сезимин, көз карашын ойготуп, өзүнүн бийик идеясы, бай тажрыйбасы, терең билими менен кыргыз тилин тез үйрөтүүнүн интенсивдүү ыкмасын иштеп чыгып, кадыр-баркын көтөргөндүгү үчүн сыймыктанабыз. Натыйжада, кыргыз тили Союз мезгилине караганда азыркы коомдо өз ордун табууга шарт түзүлдү. Бул жогорку окуу жай Султан Мамбеткалиевдин иш билги жетекчилиги жана уюштуруучулук жөндөмү аркасында тез эле республикабыздын бүт аймагына таанылып, атак-даңкы чыгып, кучагын кенен жайып, кадырлуу университеттердин бирине айланды. Султан агай ушул университеттин алкагында Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында гуманитардык-экономикалык колледждерди ачып, азыр аталган окуу жайлар эл кызматында.
“Абай“ гуманитардыкэкономикалык колледжинин жетекчиси Мамбеткалиева Клара Шериповна окуу жайдагы ийгиликтери туурасында мына буларга токтолду.
— Биздин колледж бүтүрүүчүлөрүнүн ар кандай көйгөйлөрүн, анын ичинде ишке орноштуруу маселесин чечүүдө жардам берүүгө дайым даяр.
Кара-Балта шаарынын социалдык өнөктөштөрү, мекемеишканалары менен тыгыз кызматташуу студенттерибиздин келечегине ишенимдүү болууга шарт түзөт.
Бул:
• негизги кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгууга биргелешип катышуу;
• абитуриенттер менен кесипке багыт берүү иштерине катышуу;
• колледжде билим алуу үчүн максаттуу контракттарды түзүү;
• окуу жана эмгек практикасын уюштуруу жана өткөрүү;
• уюмдардын өкүлдөрүнүн экзамендерге (квалификацияга) жана Мамлекеттик экзамендик комиссиянын (МЭК) ишине катышуусу;
• иш берүүчүлөр менен биргелешкен уюштуруу ишчараларын өткөрүү (презентациялар, семинарлар, конференциялар, бош орундардын жарманкелери);
• колледждин студенттерин убактылуу ишке орноштурууну уюштуруу;
Бүткүл окуунун жүрүшүндө, биринчи жылдан баштап окууну бүтүргөнгө чейин студент потенциалдуу иш берүүчүлөрдүн көз карашында болот. Окутуунун натыйжасы – бүтүрүүчүнүн өзүнө келген иш берүүчүлөрдүн сунуштарынын ичинен тандап алуу жөндөмү.
Мындан тышкары, түздөнтүз колледжде:
• бүтүрүүчүлөргө жумушка орношууда жана ЖОЖдорго кирүү үчүн кесиптик багыт алууда практикалык жардам көрсөтүлөт;
• бош орундар жөнүндө маалыматтарды чогултуу, жалпылоо, талдоо жана студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү камсыз кылуу;
• жумушчу окуу пландарын тактоо жана жаңы адистиктерди ачуу боюнча сунуштарды киргизүү максатында Кара-Балта шаарынын эмгек рыногун жана экономикасынын керектөөлөрүн изилдөө жүргүзүлүүдө;
• студенттерди эмгек рыногуна адаптациялоого көмөк көрсөтүлөт;
• студенттерге ишке орноштуруу боюнча эмгек мыйзамдарынын маселелери боюнча консультация берилет;
• бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношкондугун тастыктаган иш берүүчүлөрдөн маалыматтарды чогултуу боюнча иш уюштурулган;
• бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ниети боюнча сурамжылоо жүргүзүлөт.
Бүтүрүүчүлөргө болгон сурооталапты талдоо көрсөткөндөй, биздин бүтүрүүчүлөр ишке орноштуруу кызматында каттоодо эмес. Билимге умтулган уланкыздарга туура багыт, татыктуу таалим-тарбия берген куттуу окуу жайдын жамаатына ийгиликтерди каалайбыз!
“Абай“ гуманитардык-экономикалык колледжин таланттуу педагог Мамбеткалиева Клара Шериповна жетектейт. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №LC15000009 лицензиясынын негизинде адистерди даярдоо орто билим берүү программасы боюнча ишке ашырылат. Мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет.
Окуунун формасы: күндүзгү (очно) «Абай» колледжинин негизги миссиясы – максаттуу багытта профессионалдуу орто билимдүү юристтерди, экономисттерди жана башталгыч класстарынын мугалимдерин, профессионалдык билими бар башкаруучу кадрлардын резервин түзүү. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
050709 – Башталгыч класстарды окутуу
Окуунун формасы: күндүзгү (очно) Окуу мөөнөтү – 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай; 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай.
Окуунун аягында башталгыч класстарынын мугалими квалификациясы ыйгарылат.
030504 – Укук таануу Окуунун аягында юрист квалификациясы ыйгарылат.
Окуудагы жеңилдиктер: Окууда эң жакшы жетишкен студенттерге – 10%; Көп балалуу үй-бүлөдөн турган студенттерге (5тен ашык бала) – 5%; Апасы же атасы жок жана майып студенттерге – 20%; Томолой жетим студенттерге – 40%.
Окууга тапшырууга керектүү документтер:
Билими тууралуу күбөлүк же аттестат (туп нускасы); Медициналык аныктама (№086 У формасы); Сүрөт (3х4 көлөмдөгү) – 6 даана; Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт.
Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№112 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 23-декабры