Ысык-Атада киши өлтүрүүгө шектелип анын бир тууган эжеси кармалды. 2021-жылдын 2021-жылдын 30-июнь күнү Ысык-Ата РИИБүнө Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан.
Милиция кызматкерлери тарабынан жансыз денени кароо учурунда анын дене
жаракаттары байкалып, ал 1985-жылы туулган А.М. аттуу жаран экендиги
такталган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон жарандын бир тууган эжеси 1982-жылы туулган А.Т. кармалган. Териштирүү учурунда каза болгон жаран 2021-жылдын 29-июнь күнү жаза өтөөчү мекемелердин биринен бошотулуп, жакындары менен түлөө өткөрүшүп, эртеси эжеси экөбүнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, эжеси аны жип менен муунтуп салганы маалым болгон.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.