"Эркин-Тоо"

АБДАН ЖАГЫМДУУ ШААР. ТҮРКИЯНЫН ФИНИКЕ РАЙОНУ ГИТТАСЛОУНУН НАЗАРЫНА ТҮШТҮ

Антальянын байыркы Финике району табигый кооздугу, түркүн даамы, бай ашканасы, жай баракат жашоосу Эл аралык Гиттаслоу Ассоциациясынын назарына түштү.

Гиттаслоу эл аралык координациялык комитети 2023-жылдын 14-15-апрелинде Польшанын Ресзел шаарында өткөн жыйынында Антальянын тарыхый району Финикени Түркиядан жаңы аймак катары өз тизмесине кошту.

Үч жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында,  Финике айлана-чөйрө, инфраструктура, шаардык жашоонун сапаты, социалдык биримдик жана меймандостук критерийлерине жооп бергени үчүн «жай шаар» деген критерий менен тандалып алынды.

Гиттаслоу Ассоциациясынын маалыматына караганда , Түркияда Финикеден тышкары  жергиликтүү тургундары бейгам   жашаган 22 «жай шаар» жана райондор да бар.

ТАРЫХЫЙ ШААР  — ФИНИКЕ

Финике Анталиянын курорттук бейиши деп аталып келет.  Финике аянты жагынан кичинекей болгонуна карабай, тарыхы, табиятынын кооздугу жана гастрономиялык маданияты менен Жер Ортолук деңизиндеги популярдуу туристтик борборго айлана алды. Байыркы замандарда бул аймак Финикос (Финикос) деген ат менен белгилүү болгон.  уламыш боюнча ал биздин заманга чейинки 500-жылдары финикиялыктар тарабынан негизделген.

Финикия көп жылдар бою Ликиянын борбору болуп, Лимиранын айыл чарба продукциясын экспорттогон порт катары кызмат кылган. Кылымдар  бою көптөгөн цивилизациялар жашаган аймакта, азыр да  тарыхый имараттар жана эски шаарлар сакталып турат. Ликиянын байыркы Арыканда аймагы, Лимира шаары  Финикия районун тарыхы тууралуу көп нерсени  көрсөтүп бере алат.

ТАБИЯТ КОЙНУНДА ЭС АЛУУГА ЫҢГАЙЛУУ ЖЕР

Финике табигый кооздугу, кооз булуңдары жана пляждары менен өзгөчөлөнгөн курорттордун бири катары таанылган. Финикияда табият сүйүүчүлөрү каалаган бардык нерсе бар. Өзгөчө треккинг сыяктуу көптөгөн иш-чараларды сунуш кылган Гөкбүк каньону жана сталактиттери, травертиндери жана ар түрдүү көлөмдөгү бассейндери,  Сулуин сыяктуу үңкүрлөрү менен туристтерди өзүнө тартат. Андреа Дория булуңунда, Жер Ортолук деңизинин атактуу мөөрлөрү жайгашкан Гөклиман булуңу Финикенин эң популярдуу жаратылыш кооз жерлеринин бири. Бул жерде пикник жана кемпинг сыяктуу түрдүү иш-чаралар көп өткөрүлөт.

КИШИНИ ӨЗҮНӨ ТАРТКАН ӨЗГӨЧӨ АШКАНАЛАР

Финикенин ашканасы дагы  өзгөчө. Бул чакан шаарчада жергиликтүү рецепттер боюнча даярдалган жаңы Жер ортолук деңиз балыктарынын даамын татып, кооз көрүнүштөрдөн ырахат ала турган ресторандар бар. Финикияга барганыңызда сөзсүз татып көрүшүңүз керек болгон жемиштердин бири — жыты жана даамы менен дүйнөгө белгилүү финикиялык апельсин.

ИШТИН КӨЗҮН БИЛГЕН ГИТТАСЛОУ

Гиттаслоу- англис тилинен которгондо, италиялык «citta» жана «жай» сөздөрүнүн айкалышы, «жай шаар» дегенди түшүндүрөт. Гиттаслоу кыймылы-1999-жылы Италияда Slow Food кыймылын шаарга жайылтуу аракетинен улам пайда болгон. Жашоонун сапатын жакшыртууга чакырган Гиттаслоу кыймылы шаардын баштапкы түзүлүшү, архитектурасы, каада-салты жана үрп-адаттары, жергиликтүү тамак-ашы жана тарыхый өзгөчөлүгү сакталып калса,  азыркы шартта да байыркыдай атмосфераны  түзүүгө жетишүүгө болот деп эсептеп жыл сайын өз тармагына дүйнөнүн айрым аймактарын кошуп келет.  Ошентип өнүгүүнүн жаңы моделин жактаган Гиттаслоу кыймылы тез эле бүт дүйнөгө жайылып, муниципалитеттер кошула ала турган эл аралык уюмга айланган.

«ЖАЙ ШААРЛАРДЫН» САНЫ АРБЫГАН ТҮРКИЯ

Гиттаслоу  аймактарды “жай шаар” деген тизмеге киргизүү үчүн шаарлар 72 критерийге жооп берип,  “жай шаар” философиясын карманышы керек . 2009-жылы бул тизмеге биринчилерден болуп Измирдин Сеферихисар району  кирген. Ошентип түрк тизмеси Гиттаслоу жамаатына башка район жана шаарларды кошту.  Финике, Ахлат, Акьяка, Арапгир, Эгирдир, Фоча, Гөкчеада, Герзе, Гойнук, Гүдүл, Халфети, Изник, Кемалие, Кежчегиз, Мудурну, Першембе, Шавшат, Узундере, Визе, Ялвач жана Енипазар да “жай шаарлар” деп табылды.  Эми Финикеден кийин Антальянын башка тарыхый райондору Элмали, Демре жана Ибрадини Гиттаслоу тармагына туташтыруу иштери башталды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!