"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Абдиламит Матисаков атындагы аудитория ачылды

Айтаарга акылың, бергенге билимиң болсо, жаштарга устаттык кылуу башкы вазийпага айланат тура. Мына ошондой вазийпаны татыктуу аткарып, устатчылык кылып, келечек муунду тарбиялоо жана жол көрсөтүү жагынан Кыргыз эл жазуучусу Абдиламит Матисаков көпчүлүктөн алдыда десек болот. Анткени улуу устат 2017-жылдан бери Журналистика жана коммуникация институтунда жүздөгөн студенттердин чыгармачылык дареметин ачып, “Матисаков мектеби” адабий ийримин уюштуруп, анда чыгармачылыкка шыгы бар жаштардын талантын баалап, окутуп, тарбия берип келет. Матисаковдун шакирттери да жөнөкөй эмес. Алар устатынын артынан калбай ээрчишип, өлкөнү түрө кыдырып, кербендерди уюштурушуп, чыныгы жазуучулук өнөр кандай болооруна чын дили менен кызыгып окушат. “Матисаков мектебинин” окуучулары ар кыл темада аңгемелерди жазып, жалпы журтка сунуштап да келе жатышат. Жазылган чыгармалар Абдиламит Матисаковдун демилгеси жана аракети менен “Миң булак” аңгемелер жыйнагына басылып чыгууда. Мына чыныгы устаттын аракети жана багыты. Агай азыр өз күчү менен жаш калемгерлердин кыргыз адабиятына салым кошуусуна чоң аракет жумшап жатканын ушундан билсек болот. Бул стратегиялык жагынан туура кадам. Антпесе, келерки муундун эл жазуучулары кайдан чыкмак?

Жакында “Матисаков мектеби” адабий ийриминде чоң майрам болду. Анткени мектеп үчүн 2025-жылдын 17-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунда атайын аудитория ачылды. Ийримдин буга чейин атайын аудиториясы жок болчу.

Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк аталган кабинет институттун демилгеси, Окумуштуулар кеңешинин жана ректор Догдурбек Чонтоевдин колдоосу менен ачылып жатканын белгилеп, бул жерде студенттердин чыгармачылыгын арттыруу максатында «Матисаков мектеби» жайгашып, чакан тайпаларга сабактар өтүлөөрүн айтты.

Чакан аудиторияга Абдиламит Матисаковдун жазуучулук, журналистикалык, чыгармачылык жолу чагылдырылган сүрөттөр, алган наамдары жана сыйлыктары да коюлган. Ширин Костюк «бул аудиторияны көргөн жаштар, жазуучулук өнөр жана журналистика аркылуу кандай бийиктиктерди багындурууга болоруна ынанышы керек» дейт.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, көрүнүктүү врач-нейрохирург, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип Мамытов, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана башка коомдук, саясий ишмерлер катышты. Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргыз эл жазуучусу, профессор Абдиламит Матисаковду аудиториянын ачылышы менен куттуктап, жаштарга устат болууда албан ийгиликтерди каалап, агайга чоң ишеним артаарын билдирди.

 Жазгүл Кенжетаева