Кыргыз журналистика айдыңында 14 жылдан бери ай сайын “Жетиген” аттуу көп түстүү журнал жарык көрүп, учурда Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында абройлуу басылмага айланды. Нускасы 20000ге чамалап, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, окурмандарын тапкан журналды кесиптешибиз Абдиламит Жумашев негиздеген. Абдиламит мырза биздин редакцияда конокто болуп ийгилик сырлары, журналистиканын оош-кыйыштары, жыргалы тууралуу айтып берди.
— Абдиламит мырза, 14 жыл мурда “Жетиген” журналын негиздегенсиз. Азыр басылманын нускасы 20000ге чамалады. Басылмаларды чыгаруу жылдан-жылга оорлошуп бараткан шартта журналдын бул жылдар аралыгында ай сайын тынымсыз чыгып жатканынын сыры эмнеде? 14 жыл сиз үчүн кандай өттү?
— Чынын айтсам бул мезгил аралыгы билинбей өттү. Журналдын ар бир санын чыгаруу чоң түйшүк да. Аны жөн эле чыгарып коё албайсың. Эл окугандай, пайдалуу маалымат алып, журналдын кийинки санын күтүп окуй тургандай кылып чыгарууга аракет кыласың. Биз бир айда бир жолу жарык көргөнүбүз менен ай бою тынымсыз изденип, маалымат топтойбуз. “Жетигендин” ар бир саны жаңы төрөлгөн наристедей эле. Анан да аны басып чыгаруу көп каражатты талап кылат. Сыйма кагаздуу, түстүү болгондуктан баасы арзанга турбайт. Ушул жагынан 14 жылда дайыма түйшүк тартып келдик. Басмаканабыздын кызмат көрсөтүүсү бул жылдар аралыгында 200 пайызга өстү. Андыктан улам жаңы идеялар менен иштегенге аракеттендик. 14 жыл бою тынымсыз изденүү, ойлонуу, окурмандардын табитин табуу менен эле алектенип жатып убакыт кандай өткөнүн сезбей деле калдык. Кээде өткөн күндөрдү эстеп, журналды чоң мээнет менен чыгарып келгендигибизди ойлоп кубанам. Ал ортодо нускабыздын саны 20000ге жетти. Жаш баладан тартып, 70 жашка чейинки окурмандарыбыз бизге телефон чалышып, “жаңы саны качан чыгат” деген суроолорду узата баштаганда кайрадан күчкө толуп, шымаланып ишке киришип, журналды жашатып келе бердик. Басмакананын кызмат көрсөтүүсү 200 пайыз көбөйгөн учурда да окурмандарды ойлоп, журналдын баасын көтөргөн жокпуз.
— Басылмада көбүнчө кандай макалалар жарык көрөт?
— Балдардан тарта 70 жашка чейинки окурмандар окуй турган маалымат, макалалар бар. Биз өлкөнүн маданият тармагына чоң салым кошуп келебиз деп айта алам. Мамлекетте болгон жакшы окуялар, экономикалык өсүштөр, маданий чөйрөнүн жаңылыктары, жаш жазуучулардын аңгемелерин басабыз. Билесизби, окурмандар жаңы чыгармаларга кызыгышат. Алардын уландысын күтүп окушат. Андан тышкары, кыргыздын каада-салттары, керемет жерлери, анда жашаган мыкты инсандар тууралуу макалалар жарыяланып турат. Башкысы биз, бир да терс мүнөздөгү окуяларды жарыялабайбыз. Саясаттагы жакшы жаңылыктарды жазабыз, бирөөнүн жамандыгын издебейбиз. Менимче ушул жагынан утуштабыз. “Жетигенди” окуган адам эс алат. Ал ошол абалын дагы кайталагысы келип, журналга жазылуусун уланта берет. Азыр биздин журналдай болуп такай жарык көрүп жаткан журнал жок. Кээ бир журналдар 3, 6 айда бир чыгат. Ошондуктан жакында Түркияда журналдардын жарманке-конкурсу болгондо Кыргызстандын атынан жалгыз “Жетиген” журналы барып катышып, 40 мамлекеттин ичинен биринчи орунду алып кайттык. Жакынкы мамлекеттердин журналдары менен биздин басылманы салыштырып көрсөм, чынында “Жетиген” бүт тармакты камтыгандыгы менен баалуу экен.
— Журналистика айдыңына кантип келип калгандыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
— Мектепте 7-класста окуп жүргөнүмдө 27-май күнү райондук гезитте биринчи макалам жарык көргөн. Ошол күндөн тарта келечекте журналист болом деп максат коюп, тагдырымды журналистикага байладым. 10-класска чейин райондук, облустук гезиттерге тынымсыз макалаларымды жазып турдум. Жогорку окуу жайга келип, окууга тапшырганда башка факультетке туш болуп калып катуу капаланып жүрдүм. Баягы максатымды орундатуу үчүн акыры журналистика факультетине которулуп, жаным жай алды. Кийин теледе, гезиттерде иштедим. Кыскасы, эч журналистиканы таштаган жокмун. Жараткан менин ырыскымды ушул кесипке байлаган экен. 35 жылдан бери журналистмин. Теледе иштеп жүргөндө көп тажрыйба топтодум. Кыргызстанды түрө кыдырып, жакшы адамдар менен таанышып, мамиле түздүм. Кийин ошол тажрыйбам мага жардам берди.
— Журнал чыгаруу идеясы качан пайда болду?
— Учакка түшсөм учакта, кафеде, ресторанда жалаң орусча журналдарды көрүп жүрдүм. Курулуш компанияларга барсам ал жерде да орусча журналдар. Күркөлөрдө мода багытындагы журналдар да башка тилдерде экендигин байкадым. Ошондо Кыргызстанда неге кыргыз тилдүү журнал жок деген ой пайда болду. Сыйма кагаздуу, сапаттуу журнал чыгарууну максат коюп, дароо кириштим. Команда топтоп, тажрыйбамды колдонуп, баары ойдогудай башталды. Башында журналымды карапайым адамдар көп окуса деген максатым бар болчу. Ал да орундалды. Азыр биздин окурмандар жалпы эл. Алгачкы санын чыгарганда Кыргыз эл баатырларын чогултуп, ыраматылык Сооронбай Жусуев сыяктуу залкарлардын батасын алдык. Азыр командабызда 10го жакын адам иштейт. Алардын негизги курамы 14 жыл ичинде алмашкан жок.
— Журналисттик кесип кандай кесип? Көптөр журналисттер ушактан башыңар чыкпайт деп тамашалашып калышат.
— Элге ак дилден кызмат кылуу деп билем. Сонун, кызыктуу кесип! Мээнет, эмгек, акылды, изденүүнү талап кылат. Журналист кандай болгон чакта да адамдарга жакшы маалымат таратып, стимул берип, жакшы жакка үндөөсү керек деп ойлойм.
— Сиз журналистикада ийгилик жарата алдыңыз. Сырттан караганда жумшак адамдай көрүнөсүз. Бирок, ийгиликке жумшак адамдар көп жете бербейт дешет.
— Мен жумшак кишилердин катарына кирем. Атам менен апам мени кичи пейил, жөнөкөй кылып тарбиялашыптыр. Ошол эки инсан менин жашоомдун түркүгү болушту. Алардын батасын алып, жакшы мамиле жасап, айтканынан чыкпай жүрүп ушул деңгээлге келдим. Кандай бийиктикке чыкпайын, ийгилик жаратпайын биринчи кезекте атам менен апамдын ыраазычылыгын алганга аракет кылдым. Алардын бир сөзүн эки кылган эмесмин. Бир да жолу укпай коюп капалантпадым. Ийгилигимдин сыры – ата-энемдин ыраазачылыгы.
— Демек, жумшактык менен да ийгилик жаратса болот экен да…
— Сөзсүз болот. Ийгиликтин дагы бир сыры бул – мамиле. Сен корс болсоң, өзүмчүл болсоң артта каласың. Ийгилик 85 пайыз жакшы мамиленин аркасында келе тургандыгы айтылып эле жүрөт. Анан албетте эл менен сылык-сыпайы, жумшак мамиледе болуп, иш-аракетиң катуу, күлүктөй чуркаганда гана чоң ийгиликтерге жете аласың.
Жазгүл Кенжетаева