"Эркин-Тоо"

Абдулат МЫРЗАЕВ: “ЖЕР РЕСУРСТАРЫ – ЭЛ БАЙЛЫГЫ”

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат МЫРЗАЕВ

Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардын ичинде мамлекетибизде жүргүзүлгөн реформалардын башында жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу маселеси турду. Ушул өтө жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү, кашкөйлүктү талап кылган кесипте Ата Журтун чындап сүйгөн, мекенчил инсандар эмгектенип келе жатышат. Алардын сап башында биздин маектешибиз Мырзаев Абдулат Абдираимович дагы бар. Ал учурда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жер ресурстары кызматынын директору.

Жер реформасы — мезгилдин талабы

Жер ресурстары кызматынын төрагасы Абдулат Абдираимович менен болгон маегибизде ал биздин гезитибизге тармактагы иштер тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:

— Мен өзүм эрезеге жетип жогорку окуу жайын аяктаган мезгилден бери эле жерге байланыштуу болгон кызматтарда иштеп келатам. Азыр дагы жетекчиликтин мага ишенип тапшырган кызматын жогорку деңгээлде аткарууга аракеттенип келе жатам. Өзүңүздөргө маалым болгондой ушул эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жылдын ичинде жер маселелерине байланышкан толгон-токой реформалоо иштери жүрүп келди. 1990-жылдан 1997-жылга чейин бардык дыйканчылык жерлери жалпы элге үлүш катары менчикке берилди. Ошондон бери калкыбыз жерлерине ээ болушуп, жер алакаларын жүргүзүп келүүдө. Бөлүнүп берилген жерлердин жайгашкан ордун аныктоо, күбөлөндүрүүчү документтерин даярдап берүү эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки негизги маанилүү иштер ушулар болду. Ирилештирилген чарбалар өздөрүн өздөрү бага албай калып, ар бир үй-бүлө өз алдынча аракеттерди жасай башташты. Жерди иштетип, ар ким өз маселесин өзү чечүү керек деген жаңы замандын жарчылары пайда болду. Чындыгында эле жер реформасы башталгандан кийин мамлекетибизде бир топ кыйынчылыктар болуп, эл жүдөдү. 1999-жылы эл көйгөйүн жеңилдетүү максатында Жер кодекси кабыл алынды. Ушул кодекс кабыл алынган күндөн тартып жеке менчик деген терминдер пайда болду. Жеке менчик жерлерди каттоо, бүтүмдөрдү жасоо боюнча атайын мыйзамдар кабыл алынды.

Мен дагы жер адиси катары ушунча жылдардан берки зор өзгөрүүлөрдө негизги каармандардын бири катары ар бир мыйзам, токтомдордун кабыл алынуу учурларында мезгилдин күрөө тамырын кармаган инсандардын бири болдум. Мен мына ушундай элибиз үчүн зарыл болгон реформаларга түздөн-түз катышканыма сыймыктанамын.


Маектеш тууралуу маалымат:

Мырзаев Абдулат Абдираимович азыркы Аксы (мурдагы Жаңы-Жол районуна караштуу Караван кыштагында) районуна караштуу Кербен шаарында 1967-жылы 7-апрелде карапайым үйбүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Мырзаев Абдираим менен апасы Мырзаева Саламат катардагы колхозчу болуп иштешкен. 1974-жылы Кербен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин биринчи классына кирип, жакшы окуусу, мыкты, үлгүлүү адаттары менен айырмаланып, терең билим алып, 1984-жылы аталган мектепти ийгиликтүү аяктаган. Орто мектепти аяктагандан соң 1984-жылы Ташкент шаарындагы Айыл чарба институтунун агрономия факультетинин студенти болуп калат. Экинчи курсту аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, кайрадан аталган жогорку окуу жайдан окуусун улантып, 1991-жылы жогорку окуу жайды мыкты баалар менен бүтүргөн.

Алгачкы эмгек чыйырын ошол кездеги Фрунзе атындагы колхоздо бригадирдин жардамчысы, андан кийин 1992-жылы ага агроном, ал эми 1993-жылдан башкы агроном болуп 1994-жылга чейин эмгектенген. 1994-жылы колхоз, совхоздор реформа болуп жоюлгандыгына байланыштуу, 1995-жылдан баштап Кербен айыл округунда жер маселелерин жөнгө салуу боюнча жетектөөчү адис болуп 2000-жылга чейин эмгектенет. 2000-жылдан баштап Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалат. Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиясынын мүчөсү болуп кабыл алынган. 2006-жылы которуу (ротация) жолу менен Аксы районунан Ала-Бука районуна райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган. 2001-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин юриспруденция адистиги боюнча окууга тапшырып, аталган окуу жайды 2006-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

Кесиптик ийгиликтерге жетишүү менен Кербен шаардык кеңешинин депутаты, бир нече жолу райондук жана республикалык сынактарда “Мыкты жетекчи” аталып, Мамлекеттик каттоо кызматынын «Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин отличниги» төш белгиси менен, Чек ара маселесинде жүргүзгөн алгылыктyу аракеттери үчүн “Чек ара кызматынын отличниги” төш белгиси менен ошондой эле райондук, облустук жана республикалык жетекчиликтер тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланган. Ала-Бука райондук кеңешинин депутаттарынын чечими менен Ала-Бука районунун “Ардактyу атyулу” наамы ыйгарылган. 2016-жылы 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле 2018-жылдын 7-мартында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аракеттерине кошкон салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен “Алкыш” алган. 2018-жылдын 27-мартында Базар-Коргон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына которуу (ротация) жолу менен жетекчи болуп дайындалган. 2018-жылдын 13-августунан тартып Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинде кадастрдык картография-ГИС жана мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча башкы адис, 2019-жылдын 15-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу мамлекеттик “Кадастр” ишканасынын жерге жайгаштыруу бөлүмүндө жер маселелери боюнча жетектөөчү адис, 2020-жылдын 10-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, 2021-жылдын 18-мартынан бери карай Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жер ресурстары кызматынын директору болуп иштеп келе жатат.

“Менин бул жашоодогу бардык жетишкендиктеримдин башаты менин сыймыгым болгон атам менен апамдын мага өтөгөн зор эмгектеринин үзүрү. Аларга түбөлүк ыраазымын. Себеби, атам жана апам мени катуу тарбиялашты. Эч качан бирөөнү алдабай, жалган сүйлөбөй, жөнү жок бирөөгө жалаа жаппай, бирөөнүн акысын жебей, түз жүргөнгө үндөп жүрүштү. Бул жашоодогу ийгиликтерге терең билим алуу менен турмуштагы ар кандай кыйынчылыктарга чыдап, бир жерде таза, талыкпай эмгектенгенде гана жете турганымды турмуштагы мисалдар менен ар качан айтып келишти”- дейт каарманыбыз өз сөзүндө. Каарманыбыз бактылуу үй-бүлөнүн аска-зоосу, эки кыз, эки уулдун атасы.


Жер ресурстары кызматы заманбап тейлөөнүн үлгүсү

— Эми биздин кызматтын ишмердүүлүгүнө токтоло турган болсом, Жер ресурстары кызматы жер ресурстары жана жер укук мамилелери жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография, анын ичинде жер мыйзамдарын колдонууда жана сактоодо бир түрдүүлүктү камсыздоо, жер ресурстары боюнча толук кандуу геомаалыматтык системаны түзүү, топографиялыкгеодезиялык, картографиялык жана жерге жайгаштыруу жумуштарын аткаруу боюнча функцияларды камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

Өткөн жыл аралыгында жер ресурстары кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Министрликтин тапшырмаларын жана пландык иш-чараларын аткаруу багытында бир катар иштерди алып барды.

Аткарылчу иштердин катарында мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «e-Kyzmat» АМСтин «Электрондук штаттык ырааттама» модулунун программалык камсыздоосун киргизүү маселеси коюлган. Бул багытта Кызматта «e-Kyzmat» АМСи киргизилген. Штаттык ырааттама боюнча Кызматтын борбордук аппаратынын жана Кызматтын тутумуна кирген бардык органдардын кызматкерлери тууралуу маалыматтар киргизилди. Системага жалпы 2344 кызматкердин маалыматы бар, анын ичинен:

— Кызматтын борбордук аппараты – 52 адам;

— «Кыргызмамжердолбоорлоо» МИ– 185 адам;

— «Кадастр» ММ – 1901 адам;

— «Мамкартография» ММ – 203 адам.

Пландын 110-пунктунда «Түндүк» ЭВӨС аркылуу маалыматтык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселесин карайт. Бул иштерди аткаруу максатында Кызмат менен «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы ортосунда «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдар үчүн сервистерди берүү боюнча макулдашууга кол коюлган. Бул үчүн «Түндүк» порталы аркылуу кыймылсыз мүлк объекттери жана аларга болгон укуктар боюнча маалыматтарды берүү боюнча 74 веб-сервис, ошондой эле даректик маалыматтар иштелип чыккан жана порталда жарыяланган. «Түндүк» системасы аркылуу кадастрдык маалыматтарды алууга 16 министрлик жана ведомство кошулган.

Аткарыла турган иштердин катарында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү инвентаризациялоо жана талдоо маселеси каралган. Бул жаатта Кызмат тарабынан аткарылуучу мамлекеттик кызматтардын стандарттары кайрадан каралып чыгып, стандарттардын долбоору ведомство аралык комиссияда жактырылып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилген.

Бардык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында ишке ашыруу каралган. Жогоруда айтылган кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр толугу менен аталган портал аркылуу жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтар «Megapay», «O-деньги» мобилдик тиркемелери аркылуу да берилүүдө. Мындан сырткары 2022-жылы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоого арыздарды алуу кызматы да порталга киргизилди. Азыркы учурда Кызматтын башка кызмат көрсөтүүлөрүн мамлекеттик порталга туташтыруу иштери жүрүп жатат.

«Санарип Аймак» маалымат системасын өнүктүрүү боюнча иштер да жүргүзүлүп жатат. Кызмат тарабынан «Санарип Аймак» маалымат системасы менен Кызматтын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалымат системасын интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Учурда «Санарип Аймак» МС үчүн сервистер иштелип чыгып ишке киргизилген жана «Түндүк» порталы аркылуу жарандардын кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтарды онлайн режиминде алууга мүмкүндүк берет.

«Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасына кошулууга техникалык мүмкүндүгү бар бардык мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ушул система киргизилиши керек эле. Кызматтын борбордук аппараты жана ведомство алдындагы органдары «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасын толук кандуу ишке киргизишип, документ жүргүзүү санариптик форматта жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу максатында министрликтин 2022-жылдын 10-августундагы «Жер кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө» №261-НИ буйругу кабыл алынган. Азыркы учурда Жер кодексинин долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыяланган. Коомдук талкуунун жыйынтыгы менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунушталат.

2022-жылы Кызматтын кароосуна жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) боюнча 94 жерге жайгаштыруу материалдары келип түшкөн. Анын ичинен 33 жерге жайгаштыруу иши боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорлору даярдалып, белгиленген тартипте министрликтин кароосуна киргизилген. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча 43 иш кайра кароо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайтарылган. Кызмат тарабынан 13 иш каралууда.

Отчёттук мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 38 токтому кабыл алынып, алар боюнча 396,53 гектар жер бир категориядан экинчи категорияга которулган (трансформацияланган).

Координациялоо боюнча функциялары

— Кызмат тарабынан отчёттук мезгилде кыймылсыз мүлк, жер кадастры боюнча бирдиктүү маалыматтык жана геомаалыматтык системаларды түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыздоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүлдү. Өткөн жылы мамлекеттик каржылоонун алкагында жаңы автоматташтырылган маалымат системаларын түзүү иштери колго алынды. Алар «Жер балансы», «Электрондук архив», «Топурак-А», «Географиялык аталыштар», «Агромэп» аттуу автоматташтырылган маалымат системалары. Үстүбүздөгү жылы бул иштерди аягына чыгаруу пландалууда.

Кызмат жерди сандык жана сапаттык эсепке алуу максатында, Кыргыз Республикасынын жер фондунун абалы жана аны пайдалануу жөнүндө жер отчётун түзүү иштерин алып барып, белгиленген мөөнөттөрдө ыйгарым укуктуу органдардын кароосуна киргизүүдө.

Ошондой улуттук «Kyrg-06» Бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын өнүктүрүү багытында иштерди алып барып, кадастрдык сүрөткө тартуу иштеринде бул системанын колдонулушун кеңейтүүдө. Бул багытта GPS/GNSS технологияларын жана жабдууларын сатып алуу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Кызматтын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемеси кыймылсыз мүлк объекттерине дарек ыйгаруу жана даректерди каттоого алуу иштерин белгиленген тартипте алып барууда жана даректик регистринин маалыматтары дайыма актуалдаштырылууда. Эгер 2021-жылдын жыйынтыгында республика боюнча даректери такталбаган 5038 кыймылсыз мүлк аныкталган болсо, 2022-жылдын жыйынтыгында реестр боюнча дареги тактала элек кыймылсыз мүлк бирдиги калбады.

Жер мунапысынын жүрүшү

— 2021-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагындагы Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургундары менен болгон жолугушууда республика аймагында мыйзамсыз (өз билемдик менен) салынып кеткен турак жайларды мыйзамдаштыруу боюнча тапшырма берилген.

Аталган тапшырмага ылайык, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынып, анын негизинде ушул жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №291 токтому менен «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо кабыл алынып, жер мунапысынын объектиси болуп саналган жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча иштерди бүгүнкү күндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Ошону менен бирге Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №388 токтому менен бекитилген «Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун 48, 49-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы иштелип чыгып, кабыл алынган. Ага ылайык республика аймагындагы салынып калган турак жайларга изилдөө жүргүзүлүп, техникалык паспорттор бериле баштады.

Ушул мыйзамга жана жобого ылайык, Кызмат жеринде окууларды өткөрдү.

Бүгүнкү күндө 2022-жылдын 22-декабрына карата республика боюнча жарандардан жалпысынан 79135 кайрылуу түшүп, 4754 жарандын тизмеси коомдук талкууга илинген, 9265 техникалык паспорт жана жерге жеке менчик укугуна 584 мамлекеттик акт берилген.

Эл аралык кызматташуу

— Эл аралык кызматташуу багытында Кызмат тарабынан 2022-жылы бир катар иштер алынып барылды. Кызматтын «Мамкартография» мамлекеттик мекемесинин 2022-жылдын 3-октябрынан 6-октябрына чейин Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Түркия Республикасынын Улуттук коргонуу министрлиги алдындагы Картография башкы башкармалыгы менен жолугушуусу болду. Сапардын алкагында өндүрүш, потенциал жана туташ тармактардын долбоорлору боюнча маселелер каралды. Жыйынтыгы боюнча Түркия Республикасынын Улуттук коргонуу министрлиги алдындагы Картография башкы башкармалыгы менен «Мамкартографиянын» жолугушуусунун протоколуна кол коюлду.

Кызматтын жетекчилиги 2022-жылдын октябрь айынын аягында Армения Республикасынын Ереван шаарында Геодезия, картография, кадастр жана Жерди аралыктан зонддоштуруу боюнча Мамлекет аралык Кеңештин сессиясына катышты. Бул иш-чаранын негизги максаты – КМШ алкагында глобалдык жана регионалдык геомейкиндик маалыматтарын башкаруу жаатында макулдашылган саясатты иштеп чыгуу, геодезиялык координаталар системасын орнотуу, кадастрдык эсеп жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо системасын өркүндөтүү маселелери боюнча кызматташуу. Жолугушунун жыйынтыгы боюнча Геодезия, картография, кадастр жана Жерди аралыктан зонддоштуруу боюнча Мамлекет аралык Кеңештин сессиясынын протоколуна кол коюлду.

Кызматтын адистери Кыргыз Республикасынын мейкиндиктик маалыматтар саясаты менен байланышкан көйгөйлөрдү Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана Азия Өнүктүрүү банкынын уюштуруусу жана чакыруусу менен ноябрь айынын башында Корея Республикасына иш сапарга барып келишти. Алар Кореядагы мейкиндиктик маалыматтар системасы, тренддер, мыйзамдар жана маалыматтарды (презентацияларды) берүү (көрсөтүү), геодезия жана картография боюнча потенциалды өстүрүү, Кыргызстандын мейкиндиктик маалыматтардын инфратүзүмүн түзүүдө эффективдүүлүктү жана натыйжалуулукту өстүрүү, ошондой эле мейкиндиктик маалыматтар жаатында практикалык жөндөмдөрдү алуу багытында тажрыйба алмашып келишти.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жаш кезинен эле салым кошуп, тарыхта өз баасын ала турган зор иштердин демилгечиси болду. Эгемендүүлүккө ээ болгон 32 жылдын ичинде басып өткөн жолунда из калтырып, өрнөктүү иштерди жасады. Кайратман эмгектери менен айланага жарык чачып, кыргыздын даңктуу көчүн аздектеген Абдулат мырзага бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№19 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-марты

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!