"Эркин-Тоо"
№77 2021-ЖЫЛДЫН 6-ИЮЛУ

Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ: “30 ЖЫЛ УЮМДУ ЖЕТЕКТӨӨ МЕНЕН БИР ДА ЖОЛУ ЫЙМАНЫМА ШЕК КЕЛТИРБЕДИМ”

Эгемендүүлүгүбүзгө – 30 жыл!

Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылы менен бирге ар кыл кесип ээлерин бириктирип, башын кошуп турган коомдук чыгармачылык уюмдар да мезгил шарданына жараша оош-кыйыштуу жолдорду басып өтүштү. Алардын бири – Журналисттер союзунун кечээкиси, бүгүнкүсү жана эртеңкиси тууралуу Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер СУЛТАНБАЕВ Абдыкадыр Дардаңович агынан жарыла кенен-кесири маек куруп берди.

—  Мурда республикабызда журналисттердин башын бириктирген Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу гана бар болчу. Жакында Эркин журналисттер союзу деген да пайда болду. Мындай эки жээкке бөлүнүүнүн кандай зарылчылыгы бар эле?

 —  Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдагы тарыхый жетишкендиктери басма сөз чөйрөсүндө ачык көрүндү.   Отуз жылдын белесинен артка кылчая карасак ага жетүү оңой-олтоң болбоду, өзү эле келе калбады. Татаал жолдорду, тайгак кечүүлөрдү басып өтүүгө туура келди. Бул мезгилде сөз жана басма сөз эркиндиги камсыз болду. Өлкөбүздө демократиялык, эркин жалпыга маалымдоо каражаттары калыптанды жана өнүгүү жолунда баратат.

  Кыргыз жергесинде болгон үч жолку элдик кыймылдын жана толкундун башкы урааны да, максаты да сөз жана басма сөз эркиндигин камсыз кылуу эле. Мына ушул күрөштө жана аракетте ириде журналисттердин, алардын коомдук бирикмелеринин да салымдары бар. Басма сөз эркиндиги – бул ар кандай пикирлердин, көз караштардын эркиндиги, аларды ачык, тайманбай айтуунун, билдирүүнүн кепилдиги.

   Журналисттер Союзу эгемендүүлүктүн биринчи күнүнөн баштап эле өзүнүн ишмердүүлүгүнүн, уставдык талаптарынын башкы максаты катары ушул баалуулуктарга жетишүүнү, аны коргоону жана бекемдөөнү көздөдү. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында ар кандай кыйынчылыктарга туш келди. Биз алгач демократиялык, эркин басма сөздүн мыйзамдык базасын түптөөгө аракет кылдык. 1992-жылы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынды. Мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү катары ошол учурга ылайык мурдагы партиялык жана мамлекеттик басма сөздөрдүн өз алдынча, эркин болушуна аракет кылдык. Мыйзамдын долбооруна прогрессивдүү, чечкиндүү бир топ жоболорду сунуштадык. Тилекке каршы, ал аракетибиздин баары эле жүзөгө аша бербеди. Бирок, эң башкысы ошол мыйзам Кыргыз Республикасында бардык жеке жана юридикалык жактарга эркин, көз карандысыз басма сөздү, теле жана радио каналдарды түзүүгө, уюштурууга жана ачууга кеңири жол берди. Бул эркиндикти самаган элдин жеңиши эле. Ушул аракеттерден улам Кыргыз Республикасы “демократия аралчасы” деген атка да конду.

   Сөз жана басма сөз эркиндиги, журналисттердин укугун жана таламын коргоо ошол жылдары биз өткөргөн көптөгөн конференциялардын, семинарлардын, жыйындардын, тегерек столдордун жана окуулардын башкы темасына айланды. Алардын таламын талашкан талаптар, кайрылуулар жана билдирүүлөр мамлекеттик жогорку бийлик органдарына жолдонду. Ал учурда жалпыга маалымдоо каражаттарын капыстан келген рыноктун катаал капшабынан коргоого, ар кандай салыктык жеңилдиктерди берүүнү талап кылууга да айрыкча көңүл бурулду. Канчалаган ЖМК ачылды жана жабылды. Рынок, катаал шарт, катуу атаандаштык өзүнөн өзү ылгады. Туруштук бере алганы, чыдаганы, шартка ыңгайлаша иш алып кеткени бүгүнкү күнгө жетти.

   Азыр жалпыга маалымдоо каражаттары маалыматты жайылтуунун, коомдук ар кандай пикирди билдирүүнүн жана калыптандыруунун кубаттуу, таасирдүү куралына айланды. Алардын пикири, көз караштары, айткандары, жазгандары, көрсөтүүлөрү жана уктуруулары мамлекеттик бийлик органдарынын чечим кабыл алуусуна да таасирин тийгизүүдө. Мына ушундай чоң иштерде, максаттарда Журналисттер союзунун да аздыр-көптүр тиешеси, салымы бар экендиги талашсыз.

   Журналисттер союзунун ишмердүүлүгү бир кылка жана бир калыпта болбогондугун, акыркы жылдары кыйла аксай түшкөндүгүн да моюнга алабыз. Бирок, ошондой болсо да такыр кол куушуруп олтуруп калган жокпуз. Анын баары барып-келип эле каржы маселесинин тартыштыгына, анын туруктуу булагынын жоктугуна такалат. Мурдагы жылдары ар кандай эл аралык уюмдар менен кызматташуу  гранттык жардамдарды алууга мүмкүнчүлүк берсе, кийин алар да өздөрүнүн ниеттерин, багыттарын өзгөртүштү. Грант берүү менен алар өз максаттарын таңуулоого, ички иштерге кийлигишүүгө, толук көзөмөлгө алууга аракет кыла башташты.

    Ушундай каржылык тартыштык туруктуу, үзүрлүү иш алып барууга кедергисин тийгизди. Бир калыпта иш жүрбөгөндөн кийин журналисттер тарабынан Союздун дарегине ар кандай пикирлердин, көз караштардын болушу табигый нерсе. 2016-жылдын октябрь айында Журналисттер союзунун кезектеги съездинде айрым журналисттер уюмдун жетекчилигин тартып алууга умтулушту. Бирок, съезддин делегаттарынын көпчүлүгү тарабынан ал топтун аракети колдоого ээ болбоду. Мен Союздун төрагасы катары ал топтун демилгечилерин бөлүп-жарбоого чакырдым. Союздун жетекчилигиндеги кызмат орундарын сунуш кылдым. Көрсө алардын көздөгөнү Союздун төрагалыгы экен. Ал максаттары съезддин делегаттары тарабынан четке кагылгандан кийин өз алдынча уюм түзүп кетишти. Бул да демократиянын, ачык коомдун көрүнүшү. Алар деле жыргатып жиберишкен жок, ошентсе да ичи тарлык кылбайбыз, ийгилик каалайбыз. Журналисттердин укугун коргогон, таламын талашкан коомдук уюмдардын болушу жалпы иш жана максат үчүн пайда гана алып келет деп ойлойбуз.

—  Карт тарыхы бар бул Журналисттер союзун кандайча жетектеп калгандыгыңыздын таржымалын чечмелеп айтып берсеңиз? Бул ошол кездеги демократиялык көз караштардын алгачкы сабактарынан болду десек болобу?

—  Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун төрагасы болгонума быйыл 31-майда туура 30 жыл болду. Төрагалык стажым эгемендүүлүк менен жашташ. Менин ишмердүүлүгүм жөнүндө ар кандай пикирлер айтылышы мүмкүн, бирок республиканын журналисттери 2016-жылы кезектеги сьездде мага дагы бир жолу ишеним көрсөтүштү. 30 жыл мурда Союздун жетекчилигине шайлангандыгым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Анда жалпы СССР өлкөсүндө кайра куруу, айкындуулук жана маалымдуулук саясатынын желаргысы жүрүп турган учур эле. Бардык жетекчи кызматтарга атаандаштык негизде шайлоо жолу менен баруу кеңири жайылтыла баштаган. 1991-жылга чейин Журналисттер союзунун төрагалыгын республикалык “Советтик Кыргызстан” газетасынын башкы редактору кошо аткарып келген. Анда Советтер Союзунун бар кези, республикалык чыгармачылык уюмдар Москвадан жетиштүү, толук каржыланып турчу. Ошондой шартта Журналисттер союзунун төрагалыгына республикадагы мен деген бардык белгилүү, атактуу журналисттер ат салышты. 31-майда эртең менен саат 10до башталган сьезд  түнкү 12де гана аяктады. Атаандаштык, таймашуу кырдаалында өтө курч өттү. 12 талапкердин арасынан мен Журналисттер союзунун төрагасы болуп шайландым. Андан кийин кайрадан бир нече жолу ишеним көрсөтүштү. Бир нерсени баса белгилегим келет, 30 жыл уюмду жетектөө менен бир да жолу ыйманыма, Журналисттер союзунун дарегине шек келтирбедим, бийликтин камчысын чаппадым, өтө көшөкөрлөнүп жагынбадым, журналисттерди айыптаган акцияларга тартылбадым, аралашпадым. Анын көз карандысыздыгын, өз алдынчалыгын сактоого, таламын талашууга аракеттендим. Ошон үчүн кесиптештеримдин арасында жүзүм жарык, алардын түшүнүүсүн жана колдоосун дайыма сезип келем.

—  Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө жетишүүдө жана улуттук аң-сезимди ойготууда ошол кездеги кайра куруу жараяны, басма сөз эркиндиги, эркин басылмалар зор роль ойноду деп эсептейсизби?

—   Эгемендүүлүктүн жана Президенттик башкаруунун алгачкы жылдары өлкөбүздө, анын бийлик органдары жана институттары тарабынан демократиянын, эркин коомдун негиздерин жана принциптерин түптөө, орнотуу жана жайылтуу жаатында  бир топ алгылыктуу аракеттер жасалганын акыйкат үчүн айта кетишибиз керек. Кийинчерээк гана бул принциптерден тайып, авторитардык, үй-бүлөлүк башкарууга ык алып кетишпедиби. Мен республиканын турмушундагы  30 жыл ичинде болгон окуялардын бардыгынын активдүү күбөсү жана катышуучуларынын биримин. Эл сөзү менен айткан  “Ак үйдө” 32 жыл иштедим. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети, анын биринчи секретары Апсамат Масалиевден баштап президенттер Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбеков замандарында окуялардын чордонунда болдум.

   Ошондуктан, өлкөдөгү тарыхый процесстерге, окуяларга, элдик революцияларга, толкундарга жана өзгөрүүлөргө кимдер, кандай күчтөр таасир көрсөттү, башкы демилгечилери, шыкакчылары, көкүтүүчүлөрү кимдер болду, коомдук, жарандык уюмдар, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары ушул тарыхый учурларда кандай роль ойноду, баарын жакшы эле билем десем аша чапкандык болбос.

   1989-1991-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин идеологиялык бөлүмүндө иштөө  мага коомдук-саясий окуяларга түздөн-түз аралашууга  мүмкүнчүлүк түздү. Ошол жылдары биздин өлкөнү “белгисиз республика” катары карап келгени эсиңиздерде бар чыгаар. Кыска аралыктын ичинде “белгисиз республикада” союзду солкулдаткан окуялар болуп кетти. Республикалык басма сөздөрдө партиялык кысымдарга карабастан улуттук аң-сезимди, намысты ойготууга жана козгоого арналган маалыматтар жамгырдай жаады. Кечээ эле айтууга батына албаган тарых, улуттук тил жана маданият маселелери өтө курч, тайманбай көтөрүлө баштады. Мына ушул иштин башында биздин күчтүү журналисттер, жазуучулар, окумуштуулар, жарандык активисттер жана саясатчылар турушту. Кайсы бир учурда элдин баары колдоруна калем алып, жазмакерликке өтүп кетишкендей болду, журналисттердин, басылмалардын ролу, таасири өтө көтөрүлгөн чекке жетти. Ошондой кырдаалда журналисттин сөзүнүн кадыр-баркы, айткандары, көрсөткөндөрү коомдук пикирди жаратууга, бийлик органдарынын чечим кабыл алуусуна, республикадагы окуялардын тез жүрүшүнө жана Компартия жетекчисинин президенттик жарышта жеңилишине түздөн-түз таасир көрсөттү.

   Биздин журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары ошондой кесиптик жана атуулдук күчтүү духту эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары жана ушул күндөрдө да сактап калды, татыктуу алып жүрүүдө жана улантууда. Өлкөдөгү акыркы жылдардагы бардык тарыхый окуялардын, элдик революциялардын башкы кыймылдаткыч күчү, коомдук намысты жана аң-сезимди козгоочу, көтөрүүчү, элди өзгөрүүлөргө үндөөчү жана жетелөөчү күч журналисттер, жалпыга  маалымдоо каражаттары экенин баары жакшы түшүнүп жана билип калышты. Ошон үчүн ЖМКларды коомчулукта бекеринен “төртүнчү бийлик” деп аташпаса керек. Чынында эле алардын иш-аракети ушуга толук татыктуу.

—   Журналисттер союзу таасирдүү жана колунда токочу бар коомдук уюмдардын бири катары журналисттер үчүн көп камкордуктарды көрүп келди. Турак-жай менен камсыздоо, курортторго жана ден соолукту чыңдоочу жайларга путёвка ыйгаруу, материалдык жардам көрсөтүү, журналисттик чеберчиликти өркөндөтүү, ал аралык байланыштарды  чыңдоо жаатында тренинг, семинарларды байма-бай өткөрүү маселелерин да өз күчүнө жана чама-чаркына жараша чечип, кадыр-барктуу болуп турган. Азыркы күндө болсо айтылган маселелер унутта калгандай таасир калтырып жаткандыгынын себеби эмнеде?

—  Журналисттер союзунун максаттарынын бири калемгерлердин иштөөсүнө жана жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде көмөк көрсөтүү да болуп саналат. Бирок, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, катаал рынок шарты, туруктуу жана жетиштүү каржылык булактын жоктугу бул багыттардагы иштерди жүргүзүүгө кедергисин тийгизүүдө. Чынында эле мурдагы жылдарда эл аралык уюмдардын көмөгү менен журналисттердин окууларын жана эс алууларын уюштуруп келсек, акыркы жылдары мындай мүмкүнчүлүк такыр болбоду. Бирок, бир аз эле мүмкүнчүлүк болсо баарын журналисттер үчүн жумшоого аракеттенебиз.

   2019-жылы июнь айында өткөрүлгөн журналисттердин республикалык конференциясы “Азыркы учурдагы сөз эркиндигинин абалы жана журналисттердин жоопкерчилиги” деген темага арналды. Айрыкча, сөз кадыры жана таасири, жалган маалыматтарга жол бербөө, интернет тармагы, анын арты менен ар кандай маалымат таратуучулар көбөйгөн шартта журналисттик иштин кесипкөйлүгүнө басым жасоо, анын башка маалымат таратуучулардан айырмасы жөнүндө олуттуу сөз, курч пикир алышуулар болду. Журналисттер союзунун тарыхында биринчи жолу “Мыкты журналист” алтын медалы белгиленди жана ал 25 белгилүү калемгерге тапшырылды. Бул саамалыкты көпчүлүк кесиптештер туура көрүштү жана колдошту.

   Ошондой эле мыкты журналисттик эмгектери менен таанылган калемгерлерге “Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун сыйлыгынын лауреаты” деген наам акчалай сыйлыгы менен кайрадан бериле баштады. Лауреаттык наам жана акчалай сыйлыктарды ыйгаруулар мындан ары да улантылат. Биздин тапкан-ташыгандардын баары журналисттерге жумшала бермекчи.

—   Азыркы Интернет өнүккөн заманда жалпыга маалымдоо каражаттары мурдагыдай үстөмдүк позицияны ээлей албай, соцтармактардын оперативдүүлүгүнүн  жана популярдуулугунун көлөкөсүндө калып бараткандай туюлат. Атайын билими болбосо да жалпы элибиз улуу-кичүү дебей соцтармактардан түшпөй, баары эле  оюна эмне келсе ошону жаза берген жазмакер, блогер, репортёр, ж.б  болуп кетишкен жагдайда гезит-журналдардын эртеңи, келечеги кандай болот деп ойлойсуз?

 —   Азыркы маалыматтык технологиянын  өнүккөн учуру жана рыноктун катаал шарты мурдагы салттык деп эсептелген басма сөздөрдүн тагдырына, бүгүнкүсүнө жана эртеңкисине таасир берип жатканын баарыбыз ачык эле көрүп жатабыз. Айрыкча интернет тармагынын кеңири кулач жайышы, анын ар кандай көлөмдөгү маалыматтарды тез таратууга жөндөмдүүлүгү газета-журналдардын нускасына сезилээрлик эле таасирин тийгизди. Газеталардын көпчүлүгүнүн апталык чыгууга өтүүсү аларды маалыматты жана рекламаны тез таратуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты жана интернет тармагы менен атаандаша албай калды.

  Бул көрүнүштүн жакшы жана терс жагы да бар. Жакшы жагы – калктын басымдуу көпчүлүгүнүн сөз эркиндигин кеңири пайдалануу жана ар кандай маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу. Коомчулук үчүн жабык теманын жоктугу, ар кандай маселелер жана окуялар боюнча өзүлөрүнүн пикирин, көз карашын түз, ачык, тайманбай айта, бөлүшө жана жеткире алгандыгы. Бул чыныгы демократиялык жана ачык коомдун көрүнүшү, элибиздин эгемендүүлүктүн 30 жылы ичиндеги жетишкендиги.

   Экинчиден, тынчсыздандыра, ойлондура турган жагына токтолсок, биз интернеттин маалымат булактарын биротоло ачып салып, анын агындылары кандай экенин ылгоого шайыбыз жетпей калды. Ар кандай агындыларга, кээде такталбаган маалыматтарга, адамдын ар-намысына шек келтирген мазактоолорго дейре жол берилип жатат, анын авторлору ким экенин билип болбойт. Журналисттик кесиптик этиканы мындай кой, жөн эле адамдык адепти сактоо эске алынбай калууда.

   Ушундай кырдаалда чыныгы кесипкөй журналисттер өзүлөрүнүн ким экендигин көрсөтүүлөрү керек. Кесипкөй журналист сөз маданиятын жана кесиптик этиканы тута билгендиги, маалыматты так, туура бере алгандыгы менен жеңил ойлуу жазмакерлерден жогору турушу абзел.

   Интернет тармагы өнүккөн тең эмес атаандаштык заманда бизге окшогон рыногу чамалуу өлкөлөрдө гезит-журналдардын келечеги кеңири болот деп айтуу да өтө кыйын. Азыр баарынын көтөргөнү уюлдук телефон, окурмандар табитине жараша андан бардык нерсени, каалаган маалыматты таба алышат. Бирок, ошого карабастан биз адамдарды кыска, жеңил-желпи маалыматты алууга көндүрбөстөн, китептин баалуулугун, ал көркөм сөздүн, ойдун уюткусу, гезит-журнал болсо анын ыкчам жолу экендигин, окурмандын көркөм табитин ошолор гана калыптандыра тургандыгын кеңири түшүндүрүүбүз керек. Чоркок сүйлөбөйлү жана ойлонбойлу десек китеп, газета-журналды окушубуз керек. Айрыкча өсүп келе жаткан жаш муундарга алардын кадыр-баркын, таасирин сездирүү жолдорун табуу зарыл. Бул газета-журналдардын редакцияларынын, калемгерлеринин  да милдети. Жеңил-желпи, үстүртөн берилген маалымат эмес, терең, көркөм жазылган чыгармалар анын окумдуулугун, кадыр-баркын арттыраарын эстен чыгарбайлы.

—   Республиканын жалпыга маалымдоо каражаттары жаатында реформа жүргүзүп жатабыз, оптималдаштырабыз деген шылтоолор менен райондук, облустук  гезиттердин жоюлуп кетишине кандай көз караштасыз? Алар дагы жер-жерлерде идеологиялык майдандын алдыңкы сабында болушуп, элдин үнүн жеткирип турган куралдардын биринен болуп турушпады беле. Республикалык гезиттердин нускалары азайып, аймактарга жетиши кыйын болуп турган чакта райондук гезиттерди жойбостон, кайра аларга колдоо көрсөтсөк  утуш болот беле?

—   Албетте, турмуш-жашоо бир орунда турбайт. Азыркы мезгилдеги ыкчам өзгөрүүлөр, тарыхый процесстер, айрыкча маалымат технологиясынын тез өнүгүшү жалпыга маалымдоо каражаттарынын эртеңкисине таасирин тийгизбей койбойт. Республикабызда эркин басма сөздөр, теле жана радио каналдар менен катар мамлекеттик бийлик органдарына да тиешелүү бир топ жалпыга маалымдоо каражаттары бар. Кийинки учурда алар маалымат саясатын жакшыртууга багытталган бир катар чараларды көрүүгө аракет жасашууда. Жакында эле КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен  “Өлкөдөгү маалымат саясатынын концепциясынын” долбоорун талкуулоо болуп өттү. Анын башкы өзөгү мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын базасында “Улуттук медиа-холдингди” түзүү экен. Ар кандай пикирлер айтылды, келечеги кандай болот, күтө туралы.

   Буга чейин аталган министрликтин бир орунсуз реформасынын чуусу азыр да бүтө элек. 70, 80 жылдан бери чыгып келе жаткан райондук газеталар жоюлуп, облустук газеталар  облустук телерадио компаниялар менен бириктирилип, медиаборбор түзүлгөн. Бир топ журналисттер ишсиз, а облустук газеталар ара жолдо калышты. Журналисттер союзу бул орунсуз реформага башынан каршы чыкты. Жогорку Кеңештин тармактык комитетине кайрылып, бир нече жолу кароосуна жетиштик. ЖКнын комитети орунсуз реформаны четке кагуу жөнүндө  бир нече жолу чечим кабыл алды. Аны Өкмөткө жөнөттү. 2019-жылы Журналисттер союзу облустук, райондук газеталардын кызматкерлеринин конференциясын өткөрдү. Анын резолюциясын Президентке, Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө жолдодук.

  Акыры сөзүбүз жаңы министр К. Иманалиевге жетти көрүнөт. Ал өзү да таланттуу журналист-жазуучу эмеспи, реформа орунсуз болгонун, облгазеталар менен облтелерадио компанияларды кошуу туура эмес экенин түшүндү. Журналисттер союзунун демилгеси  менен облустук, райондук газеталардын абалы министр К. Иманалиевдин катышуусу менен да талкууланды. Ал облустук газеталарга өз алдынчалыкты берүүгө, мурдагыдай калыбында чыгарууга сөз берди. Жакында ал жүзөгө ашат деген ишеничтебиз. Иштин жагдайын түшүнө билген, туура чечим кабыл алууга убада берген К. Иманалиевге ыраазычылык билдиребиз. Дегиси, Журналисттер союзу маалымат каражаттарынын таламын коргогон жана көздөгөн аракеттерден мындан ары да тайбайт.

 —  Бүгүнкү күндө журналисттер уюмунун ишин жандандыруу, коомдогу салмагын арттыруу, кадыр-баркын көтөрүү үчүн алдыга кандай жаңы кадамдарды жасоону мерчемдеп жатасыз?

—  Журналисттер союзунун ишин талаптагыдай жүргүзүү, жандандыруу, маалымат айдыңындагы таасирин арттыруу ишмердүүлүгүбүздүн башкы максаты. Туруктуу каржы булагынын жоктугу көп аракеттердин, демилгелердин жүрүшүнө кедерги болууда. Ачык эле айтайын, уюмдун Төрагасы менен катар мамлекеттик иштерге алагды болуум да кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизип келди. Азыркы күндө  Журналисттер союзунун ишмердүүлүгүн жакшыртууга, активдештирүүгө бардык аракетимди көрө баштадым. Учурдагы коомдо жүрүп жаткан процесстерден артта калбай, мезгил чакырыктарына жараша сөз эркиндигин, журналисттердин укугун жана таламын коргоо жаатында иш жүргүзүүгө  бардык күчүбүздү жумшамакчыбыз. Анткени, кесиптештердин ишенимине арзуу жана аны актоо – чоң милдет.

Таалайбек ТЕМИРОВ