"Эркин-Тоо"
№12 2023-жылдын 17-февралы

Абдымамбет САРИЕВ: «Президент көңүл бурбаса акын-жазуучулар «Арашандан» ажырап калары анык…»

Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фондунун жетекчиси, жазуучу Абдымамбет САРИЕВ

— Абди аке, жыйырма жылдан ашык убакыттан бери акын-жазуучулардын, журналисттердин арасында «мамлекет берген жазуучулардын «Арашан» чыгармачылык үйүн А.Атамбаев менчиктештирип алган, жазуучулар эчак кол жууган…» деген сөздөр айтылып келет. Жазуучулардын Адабий фондунун жетекчиси катары кабарыңыз бардыр. Ушул сөз чындыкпы?

— Жарымы төгүн, жарымы чын!..

— Ошондо кандай болуп калат, жарым-жартылай менчиктештирилгенби?

— Төгүндүгү, менчиктештиргенге үлгүрүшкөн эмес. Чындыгы, Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фондуна караштуу жазуучулардын «Арашан» чыгармачылык үйүнө Аламүдүн райондук мамлекеттик акимчилиги (04.06.1999 №484 Токтом. А №003408 Акт) жерди ээлөө, пайдалануу укугун берген. Бирок, «Арашанды» «КАДАСТР» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалында каттоодон өткөрбөй коюшкан. Каттоого албай эле 2013- 2023-жыл ичинде пайдалануу үчүн түрктөр каржылаган диний окуу жайга ижарага беришкен. Бишкектеги Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү 145/3 Адабий фонддун офисине болгон менчик укук да КАДАСТРдын Бишкек филиалында да каттоодон өткөн эмес. Тагыраагы жашырышкан. «КАДАСТР» мамлекеттик мекемесинин каты (№К-9454 30.09.2022) муну тастыктап турат.

Бул жайлар Адабий фонддун балансына киргизилбей тургандыгы жакында ачыкка чыкты. Бул жерде мыйзамдар бузулган:

Биринчиден, каттоодон өткөрбөй салык төлөөдөн качышкан.

Экинчиден, каттоодон өтпөгөн “Арашанды” түрктөргө окуу жайга 2013-2023-жыл аралыгында ижарага беришкен.

Үчүнчүдөн, акын-жазуучулар арасында айтылган «Кыйкырып чыккан улуу муундагы акынжазуучулар картайып көздөрү өтүп кеткиче фонддун бухгалтери анда-санда стипендия берип алаксытып турган» деген уудуу кептер чындыкка айланууда. Азыр СССР учурундагы 110го жакын Адабий фонддун мүчөлөрү болсо, анын 98%ы жетимиш жаштан жогорку курактагылар. Жылдан-жылга кыйкыра тургандар кемип барат…

Жазуучулар мага жолукканда эле “Эмне үчүн фонддун жетекчиси катары ушул убакка чейин Уставды кайра каттоодон өткөргөн эмессиң, “бездействие” деген мыйзамда бар. Айлык алып эле жазуучулар менен ишиң жок сен дагы аларга кошулуп ичип-жеп жыргап жүрөт окшойсуң” деп сындагандары көбөйдү.

— Мамлекет тарабынан камкордук көрүлүп, Адабий фонддогу акын-жазуучуларга “Арашан” чыгармачылык үйү берилсе, өз милдетиңизди аткарбай, жазуучуларга биротоло өткөртүп бербей жүрө берсеңиз алардын сындагандары мыйзам ченемдүү эмеспи?..

— Алар айткандай 3 жылдан бери жыргап жүргөн жокмун. Мен деле юридикалык жактан анчамынча кабарым бар, мыйзамдарды сыйлаган кишимин. Адабий фонддун Уставын окусам азыркы аракеттеги мыйзамдарга туура келбей калыптыр. Уставды кайра каттоо үчүн «башынан аттап кетпейин, кеңешейин» деп жетекчиликке келишиме себепкер болгон адамдардын бири Адабий фонддун бухгалтери Айдаралиева Уулкелсин (Гуля) эжеге айттым. Ал «жазып оңдоп кел» деп Уставдын көчүрмөсүн берди. «Жакканын тандаңыз» деп мыйзамдарга ылайыктап, Уставдын 3 башкача вариантын колуна бердим. Ал «Уставды Атамбаевдин адвокатына алып барып көрсөтүп келейин» деп Уставды алып кетти да бир жумадан кийин «Уставды азыр каттоодон өткөрбөйбүз» деген так кесер жооп айтты.

Бул жерде маселе татаал экенин билип, Байкоо кеңешинин тапшырмасы менен КР Улуттук жазуучулар союзунун Текшерүү комиссиясынын төрагасы, экономист-юрист, жазуучу Кушубек Качибеков экөөбүз Уставды КР Юстиция министрлигинин Бишкек-Чүй Башкармалыгынан «кайра каттоодон өткөрүп, Мыйзамга ылайыктайлы» дедик. Бирок, 2,5 жылдан бери кылган аракетибиз текке кетти.

— Себеби эмнеде?

— Себеби, биз Уставдагы “Жазуучулардын “Арашан” чыгармачылык үйү, өзүнүн бардык мүлкү, каражаттары, ага тиешелүү жер тилкелери жана Бишкек шаарындагы Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү 145-үйдүн 3-батириндеги офис Адабий фонддун мүлкү болуп саналат жана ал сатылбайт, менчиктештирилбейт, белекке берилбейт, ижарага акысыз пайдаланууга берилбейт жана жазуучулардын улам кийинки муунунан муунуна мурасталып, адабий чөйрө үчүн кызмат кылуу үчүн сакталып кала берет жана бул берене өзгөртүлбөйт, алынып ташталбайт” деп Уставдагы III. Адабий фонддун кыймылсыз мүлкү деген главадагы: 3.1-беренесине жазып койгон элек.

Бул беренени окуп, ачуусу келген бухгалтер У. Айдаралиева эже ызырынып, Юстиция министрлигинин Бишкек-Чүй Башкармалыгына барып, жалган нерселерди айтып, тоскоолдук кыла баштады. Анысы аз келгенсип Адабий фонддун мөөрүн, Уставдын түп нускасын, мени шайлагандагы 2019-жылдын 27-ноябрындагы чогулуштун протоколун ж.б. керектүү документтерди бербей, сейфине катып алды…

— Жетекчи болгондон кийин мыйзамга ылайык документтерди, мөөрдү жана башка кагаздарды алышыңыз керек эле да…

— Жашы 73төн ашкан бухгалтер эжеге катуу айтсаң кыргыздын салты бузулат. Күчкө салып тартып да ала албайсың, анда мыйзам бузулат. «Эже, Мыйзамды бузбай тынч эле Уставды кайра каттоодон өткөрүп алалы?» деп он беш жолудан ашык айттым. К.Качибеков да айтты. Ачууланып болбойт. Биздин айлабыз кетип, эски Уставды кайра каттоодон өткөрүү үчүн Юстиция министрлигинин башкармалыгы сураган документтерди топтоп, аракет кылдык. Бирок көрүнбөгөн күчтөр тосуп, К.Качибеков экөөбүз Уставды кайра каттоодон такыр өткөрө албай койдук. “Уставга “Арашанды” кошпой өткөргүлө кийин кайра каттоого алып, «Арашанды» акт менен өткөрүп аласыңар” деген жоопту Минюсттун Башкармалыгындагы кызматкер кыздан угуп, «Арашан» жазуучулардан ажырап бараткандыгын ошондо так билдик да документтерди кайра алууга мажбур болдук.

Адабий фонд уюштурулгандан бери “Арашанды” ж.б. иштердин баарын тейлеген бухгалтер У.Айдаралиева азыркы учурда жалпы жазуучуларга “Арашан” турат, мен 30 жылдан бери кайтарып сактап келе жатам, эмдигиче жок болуп кетмек” деп док урунуп, ал эми жашы азыр 70тен ашкан, Адабий фонддун СССР тушундагы мурдагы мүчөлөрүнө болсо “Арашанды” өзүңөр эле алып калгыла, силер мүчөсүңөр, биз эски Устав менен иштейбиз” деп, ал эми текшерип келгендерге «биздики коомдук уюм, мамлекетке таандык эмес, мен бухгалтермин эч нерсе билбейм» деп жоопкерчиликтен кутулууда.

Мыйзамдар боюнча айтсак:

1. Биригип кеткен эки жазуучулар союзунун (Кыргызстан жазуучулар союзу, Кыргызстан Эркин жазуучулар бирлиги) мураскору болгон уюштуруучу КР Улуттук жазуучулар союзу 2014-2016-жылдагы “Граждандык Кодекстеги, ”Коомдук уюмдар жөнүндөгү” Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу Адабий фонддогу менчикке ээ боло албайт!

2. Устав кайра каттоодон коомдук бирикме катары өтмөйүнчө “Адабий фондго мүчөмүн” деп бухгалтерге ишеним арткан СССР тушундагы 110го жакын жазуучу дагы фондго мүчө болуу укугунан ажыратылган, сотко беришсе да жеңилишет. Себеби, мыйзамдагы өзгөрүүлөр боюнча фондго мүчө болууга мүмкүн эмес, фонд деген мүчөлүгү жок уюм болуп эсептелет.

СССРден калган “Арашан” чыгармачылык үйү боюнча публицист, жазуучу Дүйшөн Керимов дагы Демтоп түзүп, бизден тиешелүү документтерди, каттарды алып, жогорку инстанцияларга жазып кайрылуу жасап катуу чыкты. «Чабуул башталды» деп ютубдан жазуучуларга чакырык жасады. «Фонддун бухгалтерине барам ага да, силерге да катуу суроолорду берип, журналисттик иликтөө жүргүзөм» деп жүрүп кийин ал да тынчыды… Ишиненби же тишиненби колу бошобой калды окшойт.

— Акыркы суроо, негизги максатыңыздар эмнеде?

— Биздин максатыбыз – жазуучулардын “Арашан» чыгармачылык үйүн атамбаевчилердин «май талканына» айландырбай жазуучулардын юбилейлерин, эскерүүлөрдү өткөрүү, улуу муун, орто муун, жаш муундар менен биргелешип чыгармачылык кечелерди, жолугушууларды өткөрүү, акын-жазуучулардын чыгарма жазып эс алуусуна шарт түзүү, чет элден келген акынжазуучуларды ал жерде тосуп алуу, эл аралык деңгээлде жолугушууларды, конференцияларды өткөрүү, кыйынчылыкта калган акын-жазуучуларды асыроо, чыгармачыл жаштар үчүн мастер класстарды өткөрүү, “Арашан” чыгармачылык үйүн жана офисин муундан-муунга менчиктештирбей, саттырбай, белекке бердирбей мурас кылып, келечекке калтыруу…

Акырында айтарым, азыркы учурда жазуучулардын “Арашан” чыгармачылык үйү дагы, Бишкектеги офиси дагы “абага асылып” каттоого алынбай жашырылып Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фондунун балансына кирбей турат. Мындан тышкары Арашандагы Адабий фонддун аймагында кийинки жылдары мыйзамсыз курулган жаңы эки кабат имарат жана мурда курулган кароолчунун үйү кимдер тарабынан курулгандыгы белгисиз. Алардын курулушка уруксат берилген тиешелүү документтери барбы жана бул имараттар адабий фонддун балансына негизги каражаттар катары кириш болгонбу? Эгерде абал ушундай улана берсе, түрдүү ыкмалар аракетке кирип, жалпы акын-жазуучулар өзүлөрүнө таандык СССРден калган “Арашандан” дагы, офистен дагы түбөлүккө кол жууйт…

Бул маселеде өлкө бийлиги — Президент С.Н.Жапаров, коррупцияны желкелеген Коопсуздук кызматынын Төрагасы К.К.Ташиев өзү көңүл бурбаса жалпы акын-жазуучулар, чыгармачыл жаштар, бизден кийинки келе турган келечек муундагы жаш таланттар жазуучулардын «Арашан» чыгармачылык үйүнөн биротоло ажырап калаары анык…

Маек курган Шекербек КАЛЫКОВ
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-февралы