"Эркин-Тоо"

«Абдыш-Ата» футболдук клубу «Спартакка» утулуп калды

Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубу «Спартакка» (Москва) утулуп калды. Бул тууралуу клубдун социалдык тармактагы баракчасында маалымдалды.

Контролдук беттеш 0:4 эсеби менен аяктады.

Кийинки оюн 22-февралда FC Dubai City командасына каршы болот.

Эскерте кетсек, «Абдыш-Ата» клубу Бириккен Араб Эмиратында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!