"Эркин-Тоо"

Абхазия, Армениядан келген унааларды мыйзамдаштыруу 1-мартта башталат

Кыргызстанга Абхазия, Армениядан келген унааларды мыйзамдаштыруу 1-мартта башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги фракция жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, биринчи бардык керектүү документтери бар унааларды мыйзамдаштыруу, документтери жок, бирок техникалык талаптарга жооп берген машиналарды каттоо каралат.

Эске салсак, былтыр президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген унааларга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, өкмөт эки айдын ичинде мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат жана алты айдын ичинде ишке ашырат.

Пример HTML-страницы