Улуу инсанды эскерүү
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Бири кем дүйнө деген ушул экен, жалпы журт бүгүн эскерип отурат. Ал өзүнүн жөнөкөйлүгү, мекенчилдиги менен элдин эсинде бекем сакталып калды. Катаал жолдо такшалган партиялык жетекчи, ашыкча дөөлөт, байлык күтпөгөн принципиалдуулугу жана кара кылды как жарган чынчылдыгы менен бизге үлгү болду. Өтө татаал жана катаал доордун тогошуп жаткан кезинде мамлекет башына келип, кооптуу кырдаалда салабатынан жазбай, саясий кыраакылыгын көрсөтүп кетти. Биз Абсамат Масалиевич менен сыймыктанып, анын өрнөктүү өмүрүн муундан-муунга даңазалап-даңктай берүүгө милдеттүүбүз.
7-ноябрда Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленип, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында салтанаттуу жыйын өттү. Улуу инсанды эскерүү иш-чарасына өлкө Президенти Садыр Жапаров, парламенттин, өкмөттүн, коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты.
Президент Садыр ЖАПАРОВ:
— Масалиевдин ишмердиги кайра куруу дооруна туш келип, кийин совет бийлиги кулагандан кийин Кыргызстан эгемендигин алып, менчиктештирүү башталганда ошол жерде эл кызыкчылыгын эске алууга катуу үндөгөн, “калпыстык болуп кетпесин, байлык тең бөлүнсүн, бай-кедей болуп бөлүнүүгө жол бербейли” деген философияны бекем карманган. Ал эми парламентарий катары өзүн көрсөтүп, кен байлыктарды таратууда болобу, менчиктештирүүдө болобу, кандай гана олуттуу маселеде болбосун, жалпы кыргыз калкынын калың катмарынын кызыкчылыгы эске алынышы керек деп ураан чакырып турган.
Баса белгилеп айта кетүүчү сөз, Абсамат Масалиевдин тушунда 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары атайын мыйзамдын кабыл алынышы тарыхый мааниси бар окуя болгондугун эч ким тана албайт. Мына ошол Жогорку Советтин жыйынындагы тарыхый окуяда Абсамат ага “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды кабыл алууга бардык негиз бар экенин айтып, кыргыз тилинин кабыл алынышы менен эл чарбасы бир топ жакшы адистерден кол жууйт дегендей болбогон шылтоолорду четке каккандыгы азыр да жалпы журтка кеңири маалым.
Учурунда залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз”, — деп таасын белгилеген экен. Анын сыңарындай, Абсамат ага өңдүү кыргыз элинин чыгаан уулдарын эскерип туруу – биз үчүн атуулдук милдет болсо, жаңы муун үчүн маанилүү сабак. Ал кишинин басып өткөн байсалдуу жолу менен өрнөктүү өмүрүн изилдөө аркылуу дагы далай сабактарды алабыз деп ишенем. Абсамат Масалиевдин ысымы ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө тазалык менен аруулуктун, абийир менен ар-намыстын, элге адилет кызмат кылуунун символу катары сакталып калат. Дагы бир жолу, Абсамат агабызга башыбызды ийип, таазим этебиз. Кыргыз элинде Абсамат Масалиевдей адамгерчиликтин бийик үлгүсү болгон жөнөкөйлүктү туу туткан, ишине так улуу инсандар чыга берсин!”
Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас ЖУМАГУЛОВ:
— Абсамат Масалиевич менен көп жылдар бою бирге иштедик, бирге жүрдүк. Эл үчүн ичкен ашын жерге коюп иштечү. Ишине жоопкерчилик менен мамиле кылып, талапты туура коё билчү. Кайсы жерде иштебесин, Ошто обкомдобу, Кызыл-Кыяда шахтадабы, айтор мыктылыгын көрсөттү. Таш-Көмүр шаарында жетекчи болду. Эки жыл өтпөй Борбордук Комитетке бөлүм башчы болуп келди. Эмгекчилдиги, уюштургуч жөндөмү менен кызматтык тепкичтерге көтөрүлдү. Борбордук Комитетте катчы болуп Турдакун Усубалиевич менен жакындан иштеди. Мен бөлүм башчы кезимде бул киши катчы эле. Кайсы убакта келбейин иштин үстүндө болчу. Кийин Ысык-Көлгө обкомдун 1-катчысы болуп дайындалды. Ал өрөөндүн экономикалык, социалдык турмушун жакшырткандан тышкары, азыр казылып жаткан жана болочокто казылчу кен байлыктарды иштетүүгө жол салган. Кыргыз ССРинин 1-катчысы болгондо чыныгы жөндөмүн көрсөтүп, элдин алкоосуна татырлык иштерди жасады. Тазалыгы, жөнөкөйлүгү менен элдин эсинде калды.
Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан ШЕРИМКУЛОВ:
— Абсамат Масалиев Кыргыз мамлекетин түптөөгө, аны чыңдоого зор эмгек жасаган инсандардын бири. Ал киши менен үзөңгүлөш иштедим. Компартиянын 1-катчысы болуп турганда, мен идеология боюнча катчы болуп иштегем. Биз эл арасындагы, улуттар арасындагы биримдикке өзгөчө көңүл бурдук. Башка союздук мамлекеттерден кем болбой, ошолордун катарында өнүккөн республикага айландырганга а кишинин эмгеги зор болду.
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Кемел АШЫРАЛИЕВ:
— Абсамат Масалиевдин кыргыз элине жагып калган сапаты — анын тазалыгы болду. Анан абдан жөнөкөй киши эле. Чоңдор келгенде шаан-шөкөт кылып, ага жагалданып, ыгы жок чыгымдын баарын токтоткон. Карапайым жумушчулар, карапайым эл кандай жашаса, ошондой жашады, алар менен барып кошо тамак ичти. Бу кишинин үй-бүлөсүнө тарбиясы да мыкты болду, аялы, бала-бакырасы туура эмес кылык-жоруктарды жасаган жок. Жубайы кадимки эле карапайым адамдар менен тигүүчү болуп иштеген. Балдар-кыздарын да мен жакшы билем, Исхакты жалпы эл тааныйт. Кыскасы, Абсамат Масалиевич жакшы жагынан көп мисал алчу адам болчу. Өзү да боорукер, кичипейил эле. Бирөөгө кызматтык жаза колдонууда дагы боорукерлик менен карап, келечегине балта чаап албайын деп калыстык менен маселе чешчү. Кадрларды туура тарбиялоого аябай аракет кылчу. Өзүн алып жүрүшү да мыкты болгон.
Партиядан, бийликтен кеткенден кийин да депутат болуп жүрдү, ишмердигинде чоң маселелерди козгоду. Кыргызстанды башкарган адаммын деп бир да жерде мактанган жок. Бирөөлөр мактаганын да жактырчу эмес. Туурасын сүйлөчү. Кыргыз элиндеги Раззаков, Усубалиев сыяктуу абдан таза иштеген, эл деп иштеген, эмне болсо да өлкөм өссүн деп кара жанын карч урган киши катары эсибизде калды. Баса, ошол кезде Союздан келген десант бар эле, андан коркпой-үркпөй туруп кыргыз тили боюнча мыйзамды кабыл алдырганы, ал кишинин мыктылыгын көрсөттү. Айтор, Абсамат Масалиевичтин жасап кеткен иши бүт кыргыз элине, айрыкча жаштарга үлгү болот деп эсептейм.
Академик Жамин АКИМАЛИЕВ:
— Абсамат Масалиевич менен 70-жылдары таанышып, иштештим. Ал кезде мен партиянын райондук катчысы элем. Абсамат Масалиев партиянын борбордук комитетинде бөлүм башчы болчу, кийин Борбордук комитеттин катчысы болуп шайланды. Ошондон баштап жакындан таанышып, тыгыз иштештик. Кийин жалпы өлкөнү, журтту башкарган тарыхый инсанга айланды. Бул кишинин жөнөкөйлүгү, тазалыгы жалпыбызды таң калтырчу. Абсамат Масалиевич өзү мамлекеттин мүлкүнө кол салчу эмес, башкага да жедирчү эмес. Дагы бир мыкты сапаты, мансапка такыр жутунбады. Мамлекет дегенде жанын аячу эмес. Комунисттик идеялды эч кимге саткан жок.
“Азаттык” партиясынын төрагасы генерал И.ИСАКОВ:
— Апсамат Масалиев агабыз жөнүндө айткан сайын айта бере турган улуу инсан. Ал киши өмүрүнүн аягына чейин коммунистик идеяны ыйык тутуп, анын принциптеринен тайбай, мансапка, байлыкка, бийликке умтулбай, чыныгы коммунист бойдон калды. Башка коммунистерден айырмаланып, мамлекеттин завод-фабрикаларын талап-тоноого катышкан жок, совхоз-колхоздордун малдарына, жерлерине дагы тийген жок. Тескерисинче, алар таланып-тонолгондо өзүнүн жеке буюмдары тонолгондой кайгырып, кейип, абдан бушайман болуп жүрдү.
Апсамат агабыз тазалыктын, адилеттүүлүктүн, чынчылдыктын, жупунулуктун эталону болчу, ошол эталонду аягына чейин сактап аны бузбай кетти.
Кошоматчылыкты, эки жүздүүлүктү жек көрчү. Ошону менен бирге “до мозга костей” баардык улут өкүлдөрүнө бирдей, тегиз мамиле кылган — интернационалист жана чыныгы демократ инсан болчу. Биз бир маселени талкуулаганыбызда, талкууга катышкандардын бардыгын ой-пикирин кунт коюп угуп, сөзүн бөлбөй, андан кийин өз оюн айтканча сунушун берчү. Эгерде анын берген сунушуна каршы болуп, каршы пикирди далилдеп берсең, өз оюн таңуулабай “сиздики туура” деп сунушту кабыл алчу. Мен ушундай улуу адам менен бир командада, ага-инидей болуп, аны менен даамдашып, далай накыл сөздөрүн угуп, жүрүш-турушунан, элге жана мамлекетке болгон мамилесинен үлгү алып калганыма бир жагынан жаратканга ыраазымын. Экинчи жагынан, өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Көп нерселерди үйрөндүм. Үлгү алдым. Анын элеси ар дайым биз менен бирге болот.
Бүгүн бизде ошол адамдай таза, калыс, жөнөкөй, жупуну даанышман, мамлекетчил инсандар жетишпейт. Бизде ошондой интернационалистер жокко эсе. Ошондуктан, А.Масалиевдин өмүрү өткөн жолу, жүрүш-турушу баарыбызга өрнөк болушу керек.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек ОСМОНАЛИЕВ:
— Мен ар дайым урматтап чоңойгон Абсамат Масалиевди кыргыз тарыхында жана саясатында кайталангыс орду бар феномен деп билем! Бул улуу кишинин басып өткөн өмүр жолу өзгөчө илимий изилдөөгө алынышы керек. Анткени, Абсамат атабыздын тазалыгын, кесипкөйлүгүн жана элим-жерим деген мекенчил сапатын баарыбыз билип турсак дагы, көөдөнүбүз сокур болуп, тилибизди тишибизге катып, коркоктук кылып, саясаттагы шылуундарга өлкөбүздү талатып жибердик. Ошол кезде СССРден калган мал-мүлктү бир гана Абсамат Масалиевич сактап калат болчу. Бул инсандын саясий калибри, абройлу касиети, өзүбүздүн эле коңшулаш туугандардын лидерлери Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаевден ашса ашып, эч качан кем болбойт эле. Аттиң гана дейм! Кээ бир трайбалист «саясий комбинаторлордун» интригасы менен жаңы кыргыз тарыхы кыйраткыч жолго түшүп кетти. Эмдигиче өлкөбүз өз ордун таба албай убара тартып жатат. Бирок, азыр Абсамат атабыздын 90 жылдык юбилейинде Президент Садыр Жапаровдун ага берген өзгөчө баасы бир топ үмүттү жандырды. Таза коомду түзүү үчүн, Исхак Раззаков менен Абсамат Масалиевдин басып өткөн таптаза жолдорун баалаган мамлекеттик лидердин алдыга карай шилтеген кадамы, албетте ийгиликтүү болот. Мен буга катуу ишенип турам.
Мурдагы Акыйкатчы Турсунбек АКУН:
— Абсамат Масалиевич өтө сыпайыгерчилиги жана тазалыгы менен башкалардан айырмаланат. 1990-жылы Ош окуясындагы коогалаңга карабастан өлкө жана улут үчүн ат көтөргүс иштерди жасай алды. Айрыкча депутат катары Акаевдин бийлигине оппозиция болуп, бийликтин коррупциясына каршы катуу күрөштү. Принциптеринен тайган жок. Аксы окуясынын алдында мени Токтогулда органдар камап, шымымды, кийимдеримди айрып азапка салганда Абсамат аке аларга кайрылып: «Ушул баланы ушунчалык да кордойсуңарбы, силерде уят деген барбы?» деп бийликке каршы өз пикирин билдиргенин эч качан унута албайм. Ал окуяга ошол кездеги депутат Ишенбай Кадырбеков күбө. Уулу Исхак дагы өзүнүн принципиалдуулугу менен атасынын жолун татыктуу жолдоп келе жатат.
Журналист Дүйшөн КЕРИМОВ:
— Горбачев СССРдин башына келгенде Усубалиевди кызматтан алып, Масалиевди койду. Ошондо мен Нарын облустук гезитинде иштечүмүн, кызматка келери менен алгачкы ирет сүйлөгөндө жүрөгүм жылыды, мүнөзүндө жасалмалуулук жок экени байкалды. Мурдараак Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы катары билчүбүз, эл арасында жакшы пикирлер айтылчу. Анан ошол киши 1-катчылыкка келип сүйлөгөндө эле мыкты киши экени байкалды.
Чындап эле бийликке келгенде иш ыргагы өзгөрдү. Биздин облуска да жаңы жетекчи дайындалып, региондорго өзүнө окшогон кадрларды коё баштады. Жакшы башкарды, бирок негизинен Горбачевдук саясат жүрдү.
Союздун шайы огобетер ооп, бизде да демократтар чыгып, ар бир республикада президенттик шайлоо жүрдү. Масалиев ошондо чечкинсиздигин көрсөттү. Мен көп эле айтып, жаздым, саал кайраттуураак болгондо өзү шайланып, президент болмок. Эгемендик келгенде Каримов, Назарбаев, Ниязовдой президент бойдон калмак. Масалиев мамлекет башында турганда мынчалык бүлүнмөк эмеспиз. Кантсе да ал киши партиялык кызматкер катары ошол системаны кармап калмак. Ынсаптуу киши эле, кийин 2-3-деген мөөнөттөргө да бармак эмес. Албетте, дээринен таза киши Акаевдин саясатына чыдабады. Менчиктештирүү деген талап-тономойду баштап, колдо барын жок кыла баштаганда каршы пикирлерин айтты. Бул кишинин оң образы ошондо ачылды. Кеч болсо да кайраттанып-чыйралып, Акаевге каршы турду. Абсамат Масалиевдин ички дүйнөсү таза, эл деген киши экенин ошол маалда жалпы журт түшүнө баштады. Арийне, кеч болду. Акаевдин бүлүндүрүү саясаты толкун менен кетип, базар бардагы башталып кетти. Ошол кыйынчылыктар Масалиевдин жүрөгүнө катуу сокку урду, ошого кайгырып жүрүп өтүп кетти. 2005-жылдагы элдик көтөрүлүштөрдү көрбөй, кайран киши кете берди.
Кандай болгон күндө да Масалиев таза, мекенчил образ менен калды. Кыргыз тарыхы ал кишини эч качан унутпайт. Бир окуяны айтып калышчу, Ысык-Көлгө 1-катчы болуп барганда Москвада тоо-кен институтун чогуу бүткөн курсташы үйүнө 1 козу менен кымыз таштап кетиптир. Келсе эле короосунда козу турган экен аялынан сураса курсташы таштап кеткенин айтат. Шоопуруна айтып, кайра жеткиртип берген экен, ошол аңыз болуп айтылчу. Болбосо ал кезде козу эмес, тайларды, жылкыларды мойсогон жетекчилер болгон. Масалиевдин тарбиясы мыкты, натурасы таза киши болгон. Москва бекер тандаган эмес, татыктуу кадр болчу. Кичине жүүнү боштук кылды, болбосо кыргыз элинин азыркы тагдыры таптакыр башкача болмок.
Генерал Артур МЕДЕТБЕКОВ:
— Абсамат Масалиевичти мен жакшы таанып калдым. 1989-90-91-жылдары жанында чогуу иштешип, айткан сөзү менен кылган иши төп келген инсан экенин жакындан билгем. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү, өсүп-өнүгүшү үчүн чоң салымын кошту. Кыргыз тарыхындагы эң мыкты мамлекеттик ишмер, жогорку сапаттарга ээ инсан катары баалайм. Ар бир ишке абдан кылдаттык менен мамиле кылып, аны анализдеп, ошонун баарына ой-жүгүртүп, жогорку деңгээлде аткарчу.
Абсамат Масалиев өмүрүнүн аягына чейин коммунисттик идеяны туу тутуп жашады. Союз тарап жатканда дагы коммунисттик идеялардын сакталып калышын каалагандардын бири болгон. Советтик система жоголсо көптөгөн жаңжалдар чыгып, жоготуулар болот деген ой-пикирин ар дайым айтчу.
Абсамат Масалиевич өзүнүн тазалыгы менен элдин эсинде калды. Эч бир коррупцияга аралашпаган, мыкты мамлекеттик ишмер катары таанылды. Ден соолугун аябастан мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө аракет кылып, билим-тажрайбасын арнаган чыгаан инсандын бири болду. Интрига же карама-каршылыктардан оолак болуп, аралашпай, саясатчыларды да тартипке чакырган учурлары болгон.
1990-жылдагы сырткы күчтөр тарабынан уюштурулган улуттар аралык жаңжалда туура саясат жүргүзүп, өзүнүн кеменгерлиги менен барына мисал боло алды. Депутат болуп жүргөндө дагы так, анализденген маалыматтардын негизинде Жогорку Кеңеште чындыкты айтып, саясий процесстерге катышып, элдеги курч маселелерди көтөрүп, мамлекеттин кызыкчылыгын талашкан депутат боло алды.