Кыргыз эли үчүн Курултай — жөн гана жыйын эмес. Ал элдин тагдырын чечкен, бийликти тизгиндеп турган, эл менен бийликтин ортосундагы эң түз жана эң катаал диалог аянты болгон. Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери” IV Элдик курултайдын делегаты, Улуттук кеңештин мүчөсү Абытов Байболот Капарович менен 25-26-декабрда борбор калаада өтө турган IV Элдик курултай боюнча баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
– Байболот Капарович, IV Элдик курултайдын делегаты, Улуттук кеңештин мүчөсү экенсиз. Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы ишенимди чыңдап жатабы?
– Элдик курултай эл менен бийликти байланыштырган орган катары миссиясын аткарып, жарандардын үнүн Президентке жеткирген коомдук институт багытында иш алып барууда. Тагыраагы, курултай эл менен мамлекеттик бийликти байланыштырган, элдин үнүн бийликке түз жеткирген аянтча, кеңеш берүүчү орган, мыйзам чыгаруу демилгеси бар демократиялык коомдук институтка айланды.
– Кыргыз элинин карт тарыхында Элдик курултайдын ролу кандай болгон?
– Кылымдарды карыткан кыргыз тарыхындагы Элдик курултай – мерчемдүү бир мезгилде чакырылып, эл өкүлдөрү чогулуп, мамлекеттик, коомдук, жоокердик согуш маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле социалдык, экономикалык карым-катнаш, эл аралык мамилелер сыяктуу маанилүү маселелерин ортого салып, заман талабына жараша чечип, адилеттүү чечим кабыл алган нукура элдик жыйын болгон.
Негизинен курултай көчмөн демократиялык мүнөзгө ээ болуп, жамы журттун, бүтүндөй элдин эркин билдирген институт катары кыргыз элине кызмат кылган. Кыргыздардын тарыхында Элдик курултай мамлекеттик жана коомдук олуттуу, өзөктүү маселелерди чечүүчү жыйын болгон.
– Курултайдын тарыхый өзгөчөлүктөрү эмнеде?
– Тарыхый мааниден алганда Элдик курултай бир катар өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Маселен, Элдик курултай көчмөн кыргыз элинин коомдук-саясий турмушунда жогорку орган катары кабылданып, уруулук, уруктук чөлкөмдүк, аскердик, демократиялык принциптерине негизделген. Анткени, Элдик курултайга ар бир уруктан, уруудан, аймактан өкүлдөр келип, коомдун, элдин турмушундагы чечүүгө зарыл делген олуттуу маселелерди талкуулашып, бир чечимге келишкен. Ал чечимдер бардыгы үчүн бирдей мааниге ээ болгон.
Ошондой эле курултай эл ичиндеги терс, коомчулуктун ынтымагын, биримдигин бузган көрүнүштөрдү, социалдык, экономикалык, каржылык жана жер маселелерин, уруулар ортосундагы чек ара жана алардын ич ара мамилелерин, чыр-чатактарын чечүү жолдорун карап, адилеттүү тыянактарды чыгарган.
Курултайда журт агасын, эл башын, ханды, бекти шайлоо, жоокерчилик убакта согуш, аскерге чакыруу, элдик кошуундарды уюштуруу жана тынчтык маселелерин чечүү, кыргыздардын тышкы мамилелерин жөнгө салуу сыяктуу олуттуу чечимдер кабыл алынган.
– Ал кездеги курултайга кимдер катышкан?
– Ар жолу Элдик курултайга ошол учурдагы кыргыз коомчулугунун кадыр-барктуу, оозунда сөзү, өзүнүн олуттуу пикири жана чечкиндүү кадамы бар урук, уруу өкүлдөрү катышкан. Беделдүү жана белгилүү уруу төбөлдөрү, абройлуу байлар, манаптар жана бийлер болгон. Ошондой эле кадыр-барктуу, эл арасында урмат-сыйга татыган, көптү көргөн, салт-санааны, үрп-адатты, эли-журтунун тарыхын терең билген акылгөй, даанышман аксакалдар катышкан. Кээ бир учурларда кеменгер карыяларды курултайга кеңешчи катары да чакырышкан.
– Тарыхый Элдик курултайлар кандай милдеттерди аткарган?
– Ар бир Элдик курултайда кабыл алынган эреже көчмөн кыргыз элинде мыйзам катары каралып, кыргыздардын адат укугунун негизги булагы болгон. Ошондой эле сот адилеттүүлүк милдеттери, уруу, уруктар арасында чечилбеген, өзгөчө татаалдашып кеткен маселелер Элдик курултайдын күн тартибине коюлган. Мындай учурларда Элдик курултай Жогорку соттун милдетин аткарып, чечилбеген талаш-тартыш маселелерди, чыр-чатактарды чечкен.
Согуштук, аскердик маселелер, согуш жарыялоо, аны камсыздоо, аскерге чакыруу, элдик кошуундарды уюштуруу, кол башчыларды дайындоо аркылуу чечилген. Согуш жана тынчтык маселелери да Элдик курултайда чечилген.
Элдик курултайда социалдык, экономикалык, каржылык, чарбалык маселелер айрыкча урук, уруулар ортосунда жер бөлүштүрүү, алардын чек арасын аныктоо, салык, өлүм менен аяктаган окуяларга байланыштуу кун маселеси, ууру-кескилерди жазалоо жана эл алдындагы коомдук милдеттерди аныктоо да каралган.
– Курултай өткөрүүдө кандай принциптер сакталган?
– Курултайда ачык-айкындык орун алган. Курултайдын күн тартибиндеги маселелер алдын ала белгиленип, ага даярдыгы бар жана аларды чечүүгө жөндөмү бар адамдар чакырылган.
Элдик курултайдын чечимдери жабык эшик артында эмес, ачык-айкын жумурай-журттун көз алдында талкууланып, жүйөлүү пикирлер айтылып, андан кийин гана адилеттүү чечим кабыл алынган.
Айтмакчы, Элдик курултайда кимдин сөзү жүйөлүү, элге алымдуу жана элди ынандыра алган таасирдүү болсо, ошол чечендин пикири колдоо тапкан.
Курултайда бирдиктүү пикирге келүү (консенсус) көрүнүшү орун алган. Тагыраагы, курултайда көп учурда көпчүлүктүн добуш берүүсү эмес, жалпы пикирге келүү принциби колдонулган. Эгер тигил же бул маселени чечүүдө кайсы бир уруу каршы болсо, бардык тарапты канааттандырган адилеттүү чечим табылганга чейин талкуу созула берген.
– Эмне үчүн Элдик курултай бүгүн өзгөчө керек?
– Азыркы кыргыз коомчулугунда Элдик курултай өзгөчө аянтча катары каралып, Парламент менен Өкмөт жете албаган же кайра-кайра убадасын берип, бирок аткара албаган жер-жерлердеги олуттуу көйгөйлөрдү Президентке жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калды. Демек мындай көрүнүш кыргыз элинин генетикалык эс-тутумундагы «элдик бийлик» деген түшүнүктү калыбына келтирүү аракети десек болот.
Жыйынтыктап айтканда, тарыхта калган Элдик курултай — бул кыргыз элинин өзүн-өзү башкаруу жана кризистик учурда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакка келүү, биригүү жөндөмүн көрсөткөн оригиналдуу жана уникалдуу коомдук институт. Анткени, дал ошол мезгил-мезгили менен чакырылып турган Элдик курултай кыргыздарда жогорку элдик жыйын болуп, мамлекеттин жана коомдун эң маанилүү маселелерин чечкен. Ал демократиялык принциптерге негизделип, олуттуу вазыйпаларды аткарган. Курултай кыргыздардын салттуу элдик демократиясынын символу катары тарыхый мааниге ээ.
– Акыркы 3 жолу өткөрүлгөн жана өтө турган IV Элдик курултайдын артыкчылыктары кайсылар?
– Буга чейинки курултайда деле делегаттар бардык аймактардан, айылдардан, шаарлардан шайланып келишкен. Бул борбор менен чөлкөмдөрдүн ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана аймактык маселелерди чечүүгө көмөктөшөт. Бул нерсе курултайды чыныгы элдик орган кылат.
Элдик курултайдын чечимдери жана сунуштары элдик колдоого ээ болгондуктан, аткаруу бийлиги жана парламент үчүн чоң саясий салмакка ээ болот.
Ошондой эле кеңеш берүүчү, байкоочу функцияны да аткарат. Тагыраагы, мамлекеттик саясаттагы маанилүү маселелерди талкуулап, сунуштарды берип, коомдук көзөмөлдү күчөтөт.
Элдик курултай министрликтердин, борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын иши боюнча коомчулук алдында сын-пикир айтып, сунуш бере алат. Бул жарандардын бийликке болгон демократиялык таасирин күчөтөт.
Курултай эл менен бийликти байланыштыруучу звенолук милдетти да аткарат. Маселен, Курултай өлкө жетекчилигинин көңүлүн жер-жерлерде көтөрүлгөн көйгөйлөргө түздөн-түз бурат.
Курултайдын эң маанилүү артыкчылыгы – анын мамлекеттик органдарга көзөмөл жүргүзүүчү функциясы. Курултай жыл сайын мамлекеттик органдардын (Президенттин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин) отчётторун угат.
Ошондой эле Конституцияга ылайык, курултай мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болуп, Жогорку Кеңешке сунуш киргизе алат.
Курултай мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Бул сунуштар мыйзам долбоорлорун жана өкмөттүк программаларды иштеп чыгууда маанилүү ролду ойнойт.
Курултайдын социалдык-идеологиялык ролу да бар. Айтайын дегеним, Курултай улуттук биримдикти, руханий жана этномаданий өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган иштерди да көз жаздымга калтырбайт.
Элдик курултай кыргыз элинин салттуу коомдук түзүмүнө таянып, жарандардын ишенимине ээ болгон институт катары да иштейт.
Курултайда улуттук өнүгүү стратегиясы, мамлекеттик реформалар, социалдык-экономикалык көйгөйлөр сыяктуу чоң масштабдагы маселелер коомчулук менен бирге талкууланат. Бул мамлекеттик чечимдердин легитимдүүлүгүн жана коомдук колдоону жогорулатат.
Парламент — мыйзам чыгаруучу орган, ал эми Элдик курултай — кеңеш берчү жана коомдук өкүлчүлүк органы болуп эсептелет. Тагыраагы, Курултайдын чечимдери мамлекеттик саясий багыттарга таасир эте алат.
Демек, алдыда боло турган IV Элдик курултай биз үчүн маанилүү жана олуттуу окуялардын бири болуп калаары талашсыз.
Чынайым Кутманалиева

