“Манас” университети 2022-жылдан бери ар бир рамазан айында жаш-кары, студент, окутуучу дебей, жалпы жамаатты бир дасторкондо чогултуп келет. Жылда кеңейип, бекемделип жаткан бул салт боордоштуктун нурун чагылдырып, бир дасторкондун тегерегинде жана бир тилектин ичинде Орозо шаңына биргеликте күбө болууга мүмкүндүк берүүдө. Жылда кеңейип, бекемделип келе жаткан салт быйыл да уланып, Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2025-жылдын 18-мартында уюштурган ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы менен Орозо айынын тынчтыгын жана берекесин дагы бир жолу сездирди. Алты миңден ашуун адам катышкан ооз ачуу программасы дасторкондорду гана эмес, жүрөктөрдү да бириктирди.
Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчанын Республика көчөсүндө өткөрүлгөн ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгына Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглун, Кореянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ, Түркменистандын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин атташеси Бахар Бердиева, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин атташеси Роберт Федеров жана башка элчиликтердин өкүлдөрү менен кызматкерлери, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү, профессор Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоонун экс-министри, профессор Талантбек Батыралиев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Тахир Осман Тахир, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, бейөкмөт уюмдарынын, “Аталар изи” коомдук фондунун өкүлдөрү, депуттаттар, коомдук ишмер Кайрат Иманалиев, Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов жана башка бир нече сыйлуу коноктор, ишкерлер, профессордук-окутуучук курам, басма сөз өкүлдөрү, түрдүү мекемелердин кызматкерлери, студенттер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ооз ачуунун алдында окулган дуба, азан үнү жаңырган учур ички тынчтыкты жана руханий тереңдикти жаратты. Орозо айынын руханий атмосферасын чагылдырган бул маңыздуу жолугушууда узун дасторконго чогулган коноктор алакандарын жайып, дуба кылып, ооз ачышты жана бул учурдун баалуулугун, бөлүшүүнүн күчүн дагы бир жолу сезишти.
КТМУ билим берүү менен гана чектелбестен, коомдук жоопкерчилик аң-сезими менен иш алып барууда жана мындай иш-чаралар аркылуу маданий байлыкты, сабырдуулукту жана биримдикти өздөштүргөн муунду тарбиялап келет/
“Манас” университети академиялык жетишкендиги менен гана эмес, коомдук тилектештикти, биримдикти камсыз кылуу жаатындагы лидерлиги менен да аймактык жана глобалдык деңгээлде маанилүү орунга ээ.
Айтор, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2025-жылдагы ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы Орозо айынын көркөмдүүлүгүн чогултуп, бири-бирине болгон сүйүү жана сыйды бекемдеген маанилүү иш-чара катары эсте калды.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА