2025-жылдын 1-октябрынан тарта өлкөдөгү бардык мамлекеттик музейлерге кирүү акысыз болууда. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык ишке ашырылууда.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, ачык эшиктер айынын алгачкы жумасында 37 музейге 50 миңге жакын жаран барды.
Ачык эшиктер айы 30-октябрга чейин уланат.