"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

АДАБИЙ БОРБОР АЧЫЛДЫ

Кечээ, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин Кыргыз филологиясы факультетинде акын, котормочу, окумуштуу, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий борбор ачылды.

Чыныбай Турсунбеков кезинде (1978–1983-жж.) ушул университеттин кыргыз филологиясы факультетинде окуп, аны артыкчылык диплому менен аяктаган. Эмгек жолун да ушул эле университеттен баштап, окутуучу, декандын орун басары кызматтарында иштеген. Көп өтпөй филология илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон. Ошол жылдары эле поэзияга кеңири аралашып, адабий ийримдерге активдүү катышып чыгармачылык менен алектене баштаган. Алгачкы ырлар жыйнагы “Жүрөктөгү жаңырык” деген ат менен жарык көрүп, адабий чөйрөгө батымдуу аралашкан. Пицундада өткөн бүткүл Союздук фестивалдын лауреаты болгон. Жаш чагында эле СССР жазуучулар союзунун, СССР журналисттер союзунун мүчөлүгүнө алынган.

Рынок заманынын агымынан калбай “Акун” компаниясын түптөгөн. Ал Кыргызстанга эле эмес, жалпы коңшу өлкөлөргө таанымал ири компанияга айланган. Ал эми аз эле жылда саясатта да бараандуу из калтырган инсан экенин жалпы эл билет.

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий борбордун ачылышында Улуттук университеттин ректору, география илимдеринин доктору Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, быйыл Улуттук университет 100 жылдыгын белгилеп жатканын, 100 жыл аралыгында аталган университетти 192 миңден ашуун студент аяктаганын айтып, алыс-жакынга аттын кашкасындай таанымал, университеттин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн бири Чыныбай Турсунбеков экендигин баса белгиледи.

Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев Ч.Турсунбековдун саясий бейнесин ачып, чаң-будуң саясаттан чаң жукпай, таза кеткенин, бийик адамгерчилигин, аткарган иштерин фактылар менен келтирди.

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Накен Касиев, академиктер жана илимпоздор чыгып сүйлөшүп, адабий борбордун Ч.Турсунбековдун туулган күнүнө, 65 жылдык юбилейине арналып ачылганын жакшы жышаан катары белгилешип, инсандык асыл касиеттери туурасында айтышып, аталган адабий борбор келечек муундарга кызмат кыла турган борбор болуп каларын белгилешти.

Курманбек Рыспаев