"Эркин-Тоо"

Адабият айдыңынын мыктылары аныкталды

Кыргыз улуттук жазуучулар союзу 2021-жылы адабият айдыңында мыкты иштеген акын-жазуучу, котормочуларды аныктап, “2021-жылдын мыкты китеби” сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу аталган союздун басма сөз катчысы Нурбек Маамытбаев билдирди. 2021-жыл ичинде адабият айдыңында мыкты иштеп, китептери жарык көргөн авторлордун арасынан поэзия сериясы боюнча Калчоро Көкүловдун «Ыйман ыры» поэтикалык жыйнагы мыкты деп табылса, проза сериясы боюнча Аскарали Ражабалиевдин «Мусаапыр» китеби, котормо сериясы боюнча Таштанбек Чакиевдин котормосундагы И.Буниндин «Караңгы аллеялар» китеби мыкты деген баага татыды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!