"Эркин-Тоо"

АДАБИЯТТАГЫ ДАЛДАЛЧЫЛАР

“…АТАМДЫН ДАГЫ БИР АЙТКАНЫ БАР: Китептеги кириш сөз деген театрда менин астымда отурган, далысы далдайган, анысы аз келгенсип балпайган бапак кийип алган кишиге окшоп кетет. А киши тиякка бир, биякка бир кыйшактабай түз отурса да бир жөн эмеспи…” Расул Гамзатов (Менин Дагстаным).

Ооба, улуу жазуучу Расул Гамзатов китепти ачканда эле шыпшынып чыга келген “кириш сөз, баш сөз” деген түшүнүккө мына ушундай мүнөздөмө берген. Башка бирөөнүн баш сөзүн мындай кой, өз чыгармасына өзү чубалжыган кириш сөз жазган жазуучуга Расул Гамзатов кандай баа берип жатканын байкадыңызбы? “Китеп окулбай калды, азыркы жаштар китеп окубайт…” — деген жүйө канчалык көп айтылганы менен китептер басмадан тынымсыз чыгып эле жатат. Болгондо да “далысы далдайган, анысы аз келгенсип балпайган бапак кийип алган,” өпкөсү калдайган билармандардын кириш сөз, баш сөзү менен басылып чыгууда. Ал китептердин окурманы барбы? Кимдер окуп жатат? Ал башка маселе. Кандай айтсак да китептер үзгүлтүксүз чыгып жатканы бүгүнкү күндүн чындыгы. Мен адабиятчы эмесмин, бирок окурман катары жыйнак чыгарып жаткан сүрөткерлерге ушундай бир ойду айткым келди.

САНАП-САНАП ОТУРСАК, отуз жыл аралыгында ондогон тарыхый романдар жазылыптыр, бирок “Сынган кылычтын” бир барагынчалык салмагы барбы?.. Кара сөз менен жазылган аңгеме, повесттерди барактап көрсөң тар чөйрөдө кээ бир аттуу-баштуу эле жазуу деп аталып алгандар батыштын сыйлыгын эңсеп, ычкырдан өйдө чыгалбай ыбырсыган, балит бир икаяларын коомчулукка таңуулап, адабияттын агартуучулук озуйпасын, улут наркын ойрон кылып бүткөнүн кезиктиресиң. Ырларда сапырылып пырлар жүрөт. Анан өзү ачкүсөндөй напсинин кулу экенин унутуп, баары эле Айтматов болуп кеткиси келгенин көргөндө, күтүүсүз маңка күлкү угулуп, бүтүн денең куруша түшөт. (Ал өзүнчө сөз) Баарыдан окурман журтун тажаткан бир маселе, басмадан жаңы чыгып жаткан китептерге жазылган кириш сөздөр. Өзү кыйратып койгонсуп бирөөнүн китебине баш сөз жазууну адатка айлантып алган “генийлер” өтө эле көбөйүп бараткандай. “Башсөзчүлөрдүн батальонун” карап отуруп заманына жараша “коммерциябы” деген да ой келет. Бу “батальондогулар” базарда май саткан менен чай саткандардын “ценниктерине” чейин баш сөз жазып отуруп аларды өз чөйрөсүнүн атактуу жазуучу, акындарына айлантып алышты. Бир баш сөз жазганы үчүн бир табак аш доолап жеген же бир кафе, мейманкана аркылуу узап кеткен “башсөзчүлөр” да бар экени эл арасында айтылып жүрөт. Өз чыгармасында өөдүк-сөөдүк ойлорду айтып жүрүп көрөңгөсү түгөнгөн кээ бир улуу муундун өкүлдөрү, эми кичүү муундун али окурман колуна жете элек китептерине кириш сөз жазып, учкашып алганы окурман үчүн ирээнжүүдөн башка эмине алып келет?! Китепкөй китепти колуна алганда, бирөөнүн чыгармасын чечмелемиш болуп окурманга өз оюн таңуулаган ошол “башсөзчүнүн” сөлдүрөгөн сөлөкөтү көз алдына келе түшкөндө, жаш калемгердин эмгегин жаңы үн, жаңы чыгарма катары кабылдай албасын түшүнүшөбү?! Ошончо эле жаштарды сүрөп, чыгармаларын жалпы журтка чечмелеп бергиси келсе, китеп чыгып окурман колуна жеткен соң, чыгарманы окуп, маани-маңызына терең токтолуп, калыс пикирин башка жактан, өзү жүргөн үлкөн топтун арасында, улуу трибунадан жалпы элге айтса мыкты болбойт беле.

“МЕН ДАЛЕ ТИРҮҮМҮН,” деген ойду туюнткандай жаш муундун жонуна өлүмтүктөй жармашып, “алтымыш асый болсо да аарыбаган” “башсөзчүлөр” киргилт тарткан кириш сөзү менен жаштардын артына жармашканынан баш тартса, адабият айдыңы окурман журтуна таңууланган өлүмтүк ойлордон арылып, бир күрсүнүп жеңилдеп алып, анан өз нугуна түшөт эле. Чыгармалар окурманга “суфлеру” жок таза бойдон, түз жетмек. Бир автордун коомчулукка жарыялана элек чыгармасына башка кишинин баш сөз жазуусу, башка бир өсүмдүктүн тамыры менен азыктанган сары чырмооктой эле элес калтырат. Али китепкөйлөрдүн колуна жете элек жаңы жыйнакка пикир айтып, окурманга таңуулаганга кимдин укугу бар? Чыгарма окурман үчүн жаралган болсо, анда аны сүрөткер далдалчысы жок окурманга түз жеткирүүсү зарыл. Кичүү муун да биринен көрүп экинчиси алакандай китебине, жалайыктай баш сөз жаздырып чыгарууну эп көрүп, аны адатка айлантып баратканы байкалууда. Бирөөнүн жетеги менен белге энтеңдеп чыгып алгандар, ылдый көздөй өзү түшөрүн унутпашы керек. Ар бир жазуучу, акын өзүнчө бийик дүйнө, эч кимге окшошпогон чексиз аалам эмеспи. Ал окурман журтуна ортомчусу жок түз чыгууга милдеттүү. “Башсөзчүлөрдүн” сүрмө тобунун сүрөөнү менен келаткандар ошолордун фонунда тепселенип каларын сезер бекен? “Генерал болгонду каалабаган жоокер, жоокер эмес” — дегендей, “Башсөзчүдөн” бийик ойду бералбаган сүрөткердин окурманга кереги барбы?!

АНАН ДА, адабият айдыңында жаңыдан чыгып келаткан кичүү муундун өкүлдөрүнөн таасирленүү жөнүндө сурап калсаң, дароо эле Марина Цветаева, Анна Ахматова, Борис Пастернак, Антон Чехов, Юнус Эмре, Жалалидин Руми, Иоганн Гёте, Габриэль Маркес… өңдөнгөн дүйнөлүк жазуучулардын узун тизмесин айтып киришет. Кыргыз адабиятынын өзөгүн түзгөн элдик оозеки чыгармачылык өкүлдөрү жөнүндө көпчүлүгүнүн толук түшүнүгү жок. Ой жүгүртүү алкагына он сегиз миң аалам баткан Кетбука, Токтогул, Толубай, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Калыгул, Казыбек, Сагынбай, Саякбай, Көкөтөй, Калмырза, Барпы, Жеңижок, Нурмолдо, Шаршен, Эшмамбет, Коргоол, Осмонкул, Алымкул, Токтонаалы, Ысмайыл… баш болгон залкарларды ким окуйт? Адабияттагы улуттук түп нускалуулукту түшүнбөй туруп улуттук тилде улуу ойлорду жаратуу мүмкүнбү? Анан эле бир нерсени будамайлап чиймелеп алып, анысын баягыларга алып барып баш сөз жаздырып, китеп чыгарууга ашыгууда.

“ОШЕНТСЕ ДА, канчалык жасалгаланбасын, жаман китеп жаман эле бойдон калат. Аны туура баалоо үчүн бетиндеги чүмбөтүн сыйрып таштап, анан кароо керек…” “Таланттан, жигердүүлүктөн куру калган, өз сыймыгын унуткан айрым сүрөткерлер товарларын өткөрүү үчүн жаркырап көрүнгөн форманын ары жагына жарым-жартылай ойлорун жашырып калам деген кыязда бөлөк бир кийимдер менен жасанып алышат…” “ОШОНДОЙ ЭЛЕ, баланы сүннөткө отургузганда каздын канатын көрсөтүшөт. Бирок бул жөн гана баланы алдоо үчүн. Каздын канаты менен эчтеке кеспейт, бул ишке курч устара керек. Бирок да китепкөйлөр алдап, сооротуп койгудай бала эмес…” — деп айткан жери бар Расул Гамзатовдун. Бул жерде чындык ким тарапта, аалам алпы Расул Гамзатовдобу же каздын канаты менен “жаштарды сүннөткө отургузуп келаткан Башсөзчүлөрдөбү?” Аалынын кылычындай алмаз миздүү чыгармалары менен “башсөзчүлөрдүн” башын кесе чапчу жаштар барбы?!

Бахпурбек АЛЕНОВ
№3 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!