Жазуу – адамзаттын басып өткөн жашоо тарыхындагы эң маанилүү ачылыштардын бири экенин танууга мүкүн эмес. Ал акылдан жаралган ойду, түшүнүктү, билимди, илимди, жалпы тарыхты муундан муунга өткөрүүгө мүмкүндүк түзгөн зор мүмкүнчүлүк катары колдонулуп келе жаткан өзгөчө ыкма. Алгачкы белгилер сүрөт аркылуу ой билдирүү менен башталып, андан соң фонетикалык жазууга жана өнүккөн тилдерге өтүү менен жетилген, – деген аныктамалар азыр да айтылып, окутулуп келет. Эң алгачкы жазуу “пиктография” деп аталып, ал сүрөт аркылуу ой билдирүү дегенди түшүндүргөн. Баарынан мурда, Месопотамиянын түштүк бөлүгүндө (азыркы Ирак аймагында) жашашкан Шумерлердин биринчи жазуусу – пиктографиялык жана клинопистик жазуу (клинопись) биздин заманга чейинки 3400–3100-жылдары пайда болгон. Баштапкы максат: экономикалык эсеп-кысап, товарларды жана соода операцияларын каттоо максатында жайылтылган. Пиктографиядан кийин кээ бир символдор абстрактуу түшүнүк жаратып, клинопись жазуу (cuneiform) системасына өткөнү жөнүндө маалыматтар бар. Ошентип, Шумерлер адамзат тарыхында алгачкы жазууну, тактап айтканда ишкердик жана администрациялык максатта колдонгондордун бири деп айтылып келет.
Ал эми Брахман жазуулары шумерлердин жазуусуна салыштырганда көп жүздөгөн жылдардан кийин пайда болгон деген маалыматтар бар. Индия өрөөнүнүн цивилизациясында (б.з.ч. 2600–1900-жылдар) пиктографиялык жазуу колдонулганы илимий булактарда тастыкталган. Бул система ар бир белгинин кандайдыр бир маанини түз эле сүрөт аркылуу билдирип-далилдөөсү менен айырмаланганы маалым. Мисалы, Күндү белгиси, данды белгиси, адамды фигурасы аркылуу көрсөткөн. Бул система тилге эмес, түшүнүккө негизделгендиктен, бир эле белги башка тилдеги бардык адамдарга да түшүнүктүү болгон.
Инди өрөөнүнүн белгилүү Хараппа, Мохенжо-Даро, Лотхал шаарлары пиктографиялык жазуунун үлгүлөрүн сактап калганы жөнүндө маалыматтар бар. Белгилер көбүнчө таш мөөрлөрдө, керамикалык идиштерде жана металл буюмдарда кездешет. Бирок алардын мааниси жана тил менен байланышы азыркы күнгө чейин так аныктала элек. Ведалык доор жана оозеки салт Инди өрөөнүнүн цивилизациясы жоголгондон кийин б.з.ч. 1500-жылдардан тартып арийлер Индияга басып кирген. Алар санскрит тилинде сүйлөгөн, бирок алгач жазуу эмес, оозеки салт аркылуу үн менен муундан муунга өткөрүлүп келген. Ведалар (Ригведа, Самаведа, Яжурведа, Атхарваведа) ошол доордогу оозеки сакталган илимий жана диний тексттер. Алар жазылган эмес, оозеки айтылган, бирок ритмдүү жана так формада болгондуктан кийин жазууга ыңгайлуу болгон.
Санскрит жана фонетикалык жазуу б.з.ч. III кылымдан баштап Индияда Брахман жазмасы пайда болгон. Бул азыркы көптөгөн индиялык жазуулардын (Деванагари, Тамил, Телугу, Бенгал, Синхала) түпкү булагы катары эсептелинет. Санскрит тили ошол доордо философиялык, диний жана илимий тексттердин тили катары өнүккөн. Ар бир тамга бир үндү билдирген. Мисалы: – күн, – от, – дарыя, (manava) – адам деп фонетикалык жазуу системасынын негизинде түзүлгөн. Пиктография менен санскриттин айырмасына токтолсок, пиктография – сүрөттүк жазуу, образга, мааниге негизделип, кандайдыр бир элдердин же улуттардын тилин көрсөткөн эмес. А санскрит болсо өнүккөн тил, фонетикалык ариптер аркылуу үндү жана грамматикалык формаларды берген. Санскрит арибин билген ар бир эл же улут өз оюн, тарыхын ошол арип аркылуу жазып калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Тактап айтканда, пиктография жөнөкөй жана универсалдуу болсо, санскрит күчтүү аналитикалык структурага ээ, текстте ойду так жана терең билдирүүгө мүмкүндүк берген. Адамзаттын жазуу тарыхы – адамдын ойлоп табуу жөндөмүнүн жана маданий өнүгүүсүнүн тарыхы экени анык. Сүрөттөн үнгө өткөн жол адамзатка ой-пикирди, билимди, илимди жана маданиятты муундан муунга өткөрүүгө мүмкүндүк берген. Пиктографиялык белгилер бизге байыркы цивилизациянын жашоо образы жана түшүнүгү жөнүндө маалымат берсе, санскрит жана фонетикалык жазуу – идеяларды, философияны жана илимди так сактоого жардам берген.
Ал эми Ислам дининин негизги булактары болгон Куран менен хадистерде билим, жазуу жана ааламдын уюштурулушу жөнүндө көптөгөн маалыматтар камтылган. Калемдин биринчи жаралышы жана ааламды каттоо темасы аалымдардын түшүндүрүүсүндө жана хадис уламыштарында кеңири айтылып келет. Маселен, Ислам философиясында жана хадистерде айтылгандай, Алла биринчи жараткан заттардын бири катары калемди жараткан. Калем – билимди, жазууну жана илимди символдоштурат. Калемдин жаралышы менен ааламдагы бардык нерселер катталып баштаган деп түшүндүрүлөт. Куранда бул түшүнүк төмөнкүдөй берилген: Куран 68-сүрө «Ал-Қалам» (Калам, же кат «Письмо»), өз аты менен белгилүү, негизинен Сулайман пайгамбардан же калемдин жаралышы жөнүндө түздөн-түз кенен сүрөттөмө бербейт, бирок 4-аятында калем жана жазуу жөнүндө маанилүү ишарат бар деп айтат дин аалымдары. «Жакшы сөзгө (каламга) туруктуу бол!..» (68:4 – мааниси) Бул аяттан улам уламыштар менен хадистерде айтылгандай, калам – Кудай тарабынан биринчи жаратылган нерселердин бири. Хадистерде мындай деп айтылат: «Алла калемди жаратып, анын жардамы менен ааламды катка алган.» Жазуунун максаты – билимди, илимди сактоо, адамдарга буйруктарды жеткирүү, аяттарды жана пайгамбарлардын сөздөрүн жазып жайылтуу.
«Үпүп куш» (Руханий катчы) тууралуу уламыштар: Айрым исламдык уламыштарда Сулайман пайгамбарга руханий катчы кызматын аткарган «үйрөнгөн куштар» же «рухтар» берилген делет. Бул жерде мааниси – Алланын буйругун жазып, ааламга жеткирүүчү рухий күчтөрдү сүрөттөө. Ошентип, Куранда калемдин жаралышы тууралуу түз сүрөттөмө жок, бирок хадистерде жана тафсирлерде айтылгандай, калем Алла-Таала тарабынан биринчи жаралган нерселерден жана ааламды катка алуу үчүн берилген зат деп түшүндүрүлөт.
Дагы бир айрым хадистерде (билдирүүлөрдө) айтылгандай: Калем биринчи жаралган. Калем аркылуу бардык макулуктардын тагдыры жазылган. Бул түшүнүк ислам философиясында «калем аркылуу илим жана тагдырдын жазылышы» концепциясы катары колдонулат. Калем – Алланын илиминин жана ааламдагы тартиптин символу. Ислам философиясында айтылган “калем биринчи жаратылган” түшүнүгү аймактык жана тилдик чек арага байланыштырылбайт, ал символдук мааниде гана каралат. Калем – билимди, илимди жана жазууну билдирет. Ошондуктан, кайсы тилде жазылганы маанилүү эмес, мааниси – жазуунун жана илимдин жазуу аркылуу сакталышынын универсалдык символу. Мындан, эң алгач бардык жан-жаныбар, макулуктар жаратылардан мурда калам менен жазуу жаралган – деген пикир келип чыгат.
Бахпурбек Аленов

