"Эркин-Тоо"

Адам органдарын принтерде басып чыгарууга белсенген окумуштуулар бар

Кадимкидей клеткалары бар органдарды басып чыгаруучу принтер “биопринтинг” (“bioprinting”) же “био басып чыгаруу” деп аталат. Андай принтерди иштеп чыгууга Франциядагы Лион университетинин алдындагы Франция улуттук илимий изилдөөлөр борборунун директору Кристоф Маркетт белсенүүдө. Анын айтымында “Биопринтинг – бул ичинде кадимкидей клеткалары бар жандуу ткандарды басып чыгаруу. Анын максаты – трансплатанттарды, жандуу ткандарды жана башка өзгөчө ткандарды жасоо болот. Биопринтинг кадимки 3D принтер сыяктуу санарип чиймелердин негизинде иштейт. Бирок пластик же металлдын ордуна жандуу клеткаларды өзүнө камтыган атайын зат колдонулат. Окумуштуу кемирчек, тери сыяктуу жеңил ткандарды жасоо натыйжалуу аяктаганын билдирди. Эми бүткүл дүйнөдөгү изилдөөчүлөр өпкө, жүрөк, боор сыяктуу маанилүү органдарды басып чыгаруунун алгачкы баскычтары менен иштеп жатышат. Ал эми Кристоф Маркеттин командасы күйүп калган терини биопринтингдин жардамы менен калыбына келтирүүнүн үстүнөн иш алып барууда.
Албетте, бул технология толук ишке ашышы үчүн илим дагы узак жол басып өтүшү керек. Бирок Маркетт бул нерсенин мүмкүн экендигинен күмөн санабайт. Анын баамында дагы 20 жылдан кийин лабораторияда өстүрүлгөн органдар адамга кадимкидей эле транспланттациялана баштайт,-делет euronews.com сайтына чыккан маалыматка таянып “Азаттык”.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!