"Эркин-Тоо"

Адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылгандар кармалды

Ош шаарында адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Шектүүлөрдү кармоо иштери Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлдү.

Маалыматка караганда, 16-январда Т.Шоноев көчөсүндөгү «Ак-Тилек» кичи районундагы шаардык оорукананын жанында Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар К.Д.У. аттуу жаранды күч колдонуп унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Д.У аттуу жаранды уурдап кеткендер 1990-жылы туулган К.у.Т., 1991-жылы туулган К.у.К. жана 1991-жылы туулган И.Н.И. экендиги аныкталды.

Алар К.Д.У.ну Өзгөн районуна карай алып кетишип, 2 сутка бою кармашкан. Кармоо мезгилинде кылмышкерлер уурдалган жаранды мобилдик капчыкка 190 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын которууга мажбурлашкан.

Аталган факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышкерлер кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы